Пример HTML-страницы

Баткенде бара жаткан «Тойота Ленд Крузердин» ичинен пачка-пачка наркотикалык дарылар табылды (сүрөт)

Акыркы жанылыктар

TurmushБаткенде «Допинг» иш-чарасы учурунда наркотикалык дарыларды ташыганга шектелген 32 жаштагы адам кармалды. Бул тууралуу Баткен ОИИБнин басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка караганда, Баткен ОИИБдин кызматкерлери алынган ыкчам маалыматтардын негизинде Ош—Исфана жолунун Кадамжай районунун Айрыбаз айыл аймагындагы тилкесинен Ош шаарынын 32 жаштагы А.А. аттуу тургуну башкарып бара жаткан «Тойота Ленд Крузер» үлгүсүндөгү унааны текшеришкен. Анын ичинен «Лирика», «Зардекс» аталышындагы капсула сыяктуу заттар табылган. «Зардекс» дарысынын жалпы даанасы 2700 кутуча, ал эми «Лирика» дарысынын жалпы даанасы 400 кутуча экендиги такталып, аларга тийиштүү экспертизалар дайындалган.

Бул факты Кадамжай РИИБде Кылмыш-жаза кодексинин 285-беренесинин (Кыргыз Республикасынын бажы чек арасы аркылуу алып өтүүнүн атайын эрежелери белгиленген буюмдардын контрабандасы) менен катталып, сотко чейин өндүрүш иши башталды.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.

Досторуңуз менен бөлүшүңүз..........

KYRGYZCHA SITE