Пример HTML-страницы

Баткен шаарында жаңыдан орнотулуп жаткан акылдуу электр эсептегичтер иштебей калып жатат

Акыркы жанылыктар

TurmushБаткен шаарында жаңыдан орнотулуп жаткан акылдуу электр эсептегичтер иштебей калып жатат. Бул тууралуу шаар тургундары билдирди.

Алардын айтымында, Баткен шаарынын Мурат Салихов көчөсүндөгү үйлөргө бүгүн эртеден бери жаңы акылдуу электр эсептегичтер орнотулуп жатат. Орнотулган эсептегичтер убакыт өтпөй эле өчүп калып жатат. 2-3 жолу өчкөндөн соң кайра жандырууга мүмкүн болбой, блоктолуп калган. Эгерде мындай абал тынымсыз кайталанса, электр энергиясы үзгүлтүккө көп учурап, ыңгайсыздык жаралат.

Баткен электр тармактары ишканасынын берген маалыматына караганда, 5-февралдан тарта Баткен шаарындагы үйлөргө акылдуу электр эсептегичтерди орнотуп баштаган. Учурда Баткен шаарынын Келечек кварталында иш жүрүп жатат. Акылдуу эсептегичтердин минтип бат-баттан өчүп жатканы көрсөтүлгөн ченемден ашык электр энергиясынын иштелип жатканы менен түшүндүрүштү. Аталган ишкана менен абоненттердин ортосундагы келишимге ылайык.ю колдонуу 5 киловаттан ашпоосу керек. Мындан улам акылдуу эсептегич чегинен ашканда автоматтык түрдө өчүрүлөт. Эгерде кайра кайра өчүп эсептегич блоктонуп калса, анда аталган ишканага кайрылуу керек.

Баткен шаарына 7500 акылдуу эсептегич алынып келинген.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.

Досторуңуз менен бөлүшүңүз..........

KYRGYZCHA SITE