Пример HTML-страницы

Баланы эмдөөдөн баш тартуу кандай коркунучтарга алып келет?

Акыркы жанылыктар

TurmushАкыркы жылдары ар кандай илдеттерден сактоо үчүн жалпы эмдөөдөн балдарын өткөрүүдөн баш тарткан ата-энелер көп кездешүүдө. Мындай учурда баланын саламаттыгында кандай коркунучтар бар? Аймактык кабарчы жооп издеп көрдү.

Эмдөөдөн баш тарткан ата-энелер менен баарлашканыбызда, бири тутунган динине байланыштуу десе, айрымдары вакциналардын курамы, даярдалган жолу тууралуу маалымат жоктугунан улам баш тарткандардын айтып келишет.

Каракол райондор аралык ооруларды алдын алуу жана санитардык-эпидемиологиялык көзөмөлдөө борбору эмдөөдөн баш тарткандар эпидемиологиялык абалды камсыз кылууда негизги көйгөй болуп калып жатканын маалымдады.

«Наристелердин өмүрүнө коркунуч жараткан жана майыптыкка алып келген өтө коопту жугуштуу оорулар бугункү күндө эмдөө жолу менен ийгиликтүү алды алынып келе жатат. Балдарды эмдөө менен толук камтыганга чейин кургак учук, менингит, дифтерия, шал, кызамык өңдүү оорулар менен ымыркайлар жана 14 жашка чейинки балдар чарчап калышчу. Сиздер угуп жүргөндөй, бир үй-бүлөдө 6-8 бала болсо, жугуштуу оорулардан 1 же 2 бала аман калчу.

Жугуштуу ооруларды эмдөө жолу менен алдын алуу жүргүзүлгөн иштердин натыйжасында , акыркы 20-30 жылдын ичинде облустун аймагында ымыркайлардын арасында көрсөтүлгөн оорулар катталбайт, же 1-5 учур катталып жеңил формада өтөт», — дейт аталган борбордун жетекчисинин милдетин аткаруучу Гүлүшкан Тайлакова.

Кыргыз Республикасынын Улуттук эмдөө календары боюнча декреттик контингентти (ымыркайлар, улуулар) эмдөө облус боюнча жылына 95-96 пайыз камтылып турат.

Облустун калкын эмдөө 183 туруктуу эмдөө жайларында жүргүзүлөт. Ал жерде атайын дайындалган тажрыйбалуу медициналык кызматкерлер, коопсуз, атайын шарттарда сакталган вакциналар менен эмдөө жасашат.

Адистердин айтымында, акыркы мезгилде эң көйгөйлүү маселе облуста эмдөөдөн баш тарткандардын саны көбөйүшү болууда.

«Облус боюнча 2023-жылдын 6 айынын ичинде эмдөөдөн баш тарткандардын 239 учуру катталды. Анын ичинен баш тарткандардын 113ү бир жашка чейинки балдар, 1 жаштан 5 жашка чейин 30 бала. Эмдөө албагандардын себеби — көбүнчө диний көз караштагы адамдар болууда.

Эмдөө менен башкарылуучу кызамык жугуштуу илдети облуста 44 учур катталды. Көбүнчө 1 жашка чейинки эмделбеген балдар ооруп калышты. Кызамык — бул вирус козгогон балдардын өтө жугуштуу оорусу, эмделбеген болсо чоң кишилер дагы ооруйт. Бул инфекция жогорку сезгичтик менен мүнөздөлөт. Мурда кызамык менен оорубаган жана эмделбеген адам кызамык менен ооруган адам менен байланышта болсо, ооруп калуу ыктымалдыгы өтө жогору. Кызылча тамчы инфекциясы аркылуу жугат. Оорунун инкубациялык мезгили — инфекция жуккандан баштап белгилер пайда болгонго чейин 8 күндөн 21 күнгө чейин созулушу мүмкүн. Инфекциянын булагы кызамык менен ооруган адам болот.

Кызылча оорусунун башталышында 38 градустан жогору ысытма, катуу баш оору, жөтөл, мурундун агышы болот, көздүн жашы агат, пневмониянын оор формасына алып келет.

Медициналык кызматкерлер эмдөөдөн баш тарткан жарандардын үйлөрүнө ден солук чындоо кабинетинин адистери менен бирге барып, эмделбей калганынын себептерин аныктап, эмдөөнүн маанилүүлүгү жөнүндө район-шаарларда түшүндүрүү иштери жүргүзүп жатышат», — дейт ал.

Мындай көрүнүштөрдөн улам алдын алуу үчүн жалпылап киришүүгө аракеттер көрүлүүдө. Айта кетсем, жаз айларында бей өкмөт уюмдарынын көмөгү менен атайын тегерек столго шаардык үй-бүлөлүк дарыгерлер, шаардык мечиттин имамы, райондук иммунологдор катышып, тегерек столдо эмдөөдөн баш тарткандардын жылдан жылга өсүшү, эмдөөнүн мааниси боюнча талкуу болду.

Ррайон-шаарларда 11-12 айлык балдарга жана 5 жаш 6 айдан баштап 6 жашка чейинки балдарга кызамык оорусуна каршы эмөөдөлөр жүргүзүлүп жатат .

Европа эмдөө жумалыгы апрель айында өткөрүлүп, Ысык-Көл облусунда көчмө тобу түзүлүп, унаалар менен камсызданылып, айдоочулары аныкталып берилген. Алыскы аймактарда жашагандарга COVID-19, кызамык, сарык оорусунун В түрүнө, АПВ ооруларына каршы календарь боюнча өз убагында эмдөөлөрүн албай калган балдарга тиешелүү эмдөөлөр жасалып, ошондой эле эмдөөдөн баш тарткандарга түшүндүрүү иштери жүргүзүлгөн.

Райондордон алыс жайгашкан кашарларда, токой чарбасында жашагандарга медициналык кароо өткөрүлүп, эмдөөлөр жүргүзүлдү.

Эмдөө — оорунун алдын алуунун жалгыз ишенимдүү жолу. Коопсуз эмдөө менен балдарыңызды, үй-бүлөңүздү жана жалпы калкты жугуштуу оорулардан сактай аласыздар.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.

Досторуңуз менен бөлүшүңүз..........

KYRGYZCHA SITE