Пример HTML-страницы

Бакай-аталык жубайлар жумурткасы 1,8 кг болгон куштарды багып жатат

Акыркы жанылыктар

TurmushТалас облусунун Бакай-Ата районуна караштуу Бакай-Ата айылындагы жубайлар — 54 жаштагы Нурлан Орозбаев менен 51 жаштагы Назгүл Озубекова төө куш багып баштады. Алар менен Turmush басылмасынын кабарчысы таанышты.

Нурлан Орозбаевдин айтымында, 11 жылдан бери Бакай-Ата райондук агрардык башкармалыгында башкы адис болуп эмгектенет. Төө куштарды көбүнчө үйдө жубайы карап, багат.

«Кесибим боюнча экономистмин. Жубайым байланышчы (связист). Төрт балабыз — 2 кыз жана 2 уулубуз бар. Төө куш багуу идеясын улуу балам айтты. Ал да төө куш багууга көмөктөшүп жатат», — деди ал.

Ал төө кушту кантип багуу керектигин айтып берди.

«Негизинен чөп, жем беребиз. Жакшы жагы аз эле жейт. Күнүнө 3 кг чөп, 0,5 кг жем жетиштүү. Ооруларга туруктуу болушат экен. Быйыл 9 баш төө куш алдык. Алардын алтоо ургаачы, үчөө эркек. Ар бири 100 миң сомго бааланат. Орто эсеп менен 70 жыл жашайт экен, 40 градус ысык жана суукка чыдамдуу. Сатына 70 км ылдамдыкта чуркайт. 1 жаштан ашкан төө куштун тирүү кезиндеги салмагы 100-110 кг чыгат. Эти ден соолукка пайдалуу. Жумурткасы 1 килограммдан 1,8 килограммга чейин жетет. Териси калың болгондуктан бут кийим, сумка тигилет. Терисин сатсаң, баасы кымбат. Учурда жумурткасын чогултуп жатабыз. 2 даана инкубаторду Кытайдан алдырдым. Ага 36 жумуртка батат. 40-45 күндө жөжө чыгат экен», — деди ал.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.

Досторуңуз менен бөлүшүңүз..........

KYRGYZCHA SITE