Пример HTML-страницы

Баасы 50 сомдон башталган Римма айымдын гүлдөрү жармаңкеде элдин көңүлүн бурду

Акыркы жанылыктар

TurmushЫсык-Көл облусунун Каракол шаарында 3 күндүк бөлмө гүлдөрүнүн жармаңкеси өтүп жатат. Анда тургундар Римма Рахмидинованын хризантема гүлдөрү көпчүлүктү өзүнө тартып, иш-чара өтүп жаткан жерге киргенде, жыты буркурап жатканын айтышууда.

Рахмидинова Римма Мукаевна 1956-жылы 12-октябрда туулган. Мектепти аяктагандан кийин финансы техникумунда билип алган. Акыркы беш жылдан бери гүл өстүрүү менен алек.

«Гүлдүн түрүн өстүрүүнү жактырам. Учурда ар кандай өскөн розанын түрлөрүн, бегония, петуния, гортензия, хризантеманын 20дан ашык түрүн, цинерарий жана көптөгөн бөлмө гүлдөрүн өстүрөм», — деди ал.

Анын айтымында, ар бир гүлдүн өзүнө тарта турган өзгөчөлүгү бар.

«Ар бир гүл кооздугу жана жыты менен өзүнө тартат. Гүл жакшы өсүп кетүү үчүн жер семиз болуш керек. Убагы менен ар кандай азыктарды, витаминдерди, семирткичтерди берип туруу зарыл», — деди ал.

Римма айым 2 уул жана 2 кыздын апасы. Учурда 8 небереси бар. Жолдошу менен бирге Ак-Суу районунун Челпек айылында турушат. Жашаган жери калаага жакын болгондуктан кардарлары көбүнчө караколдуктар. Ал гүлдөрүнүнү баасы 50 сомдон 2500 сомго чейин экендигин айтат. Өзү өстүргөн 30га жакын түрдүү гүлдөрдүн ичинен роза жана хризантема гүлүн жактырат.

«Роза гүлү мага абдан жагат. Ал кооздугу, жыпар жыты менен жагымдуу. Ал эми хризантема өзгөчө кооздукка ээ. Ушул эки гүлүмө жармаңкеде кызыккандар көп болду. Дал ошол гүлдөрдөн жылына орточо эсеп менен 90 миң сомго жакын киреше табам.

Келечекте күнөскана куруп, гүлдүн жаңы түрлөрүн көбөйтсөм деген кыялым бар», — деп сөзүн жыйынтыктады каарманыбыз.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.

Досторуңуз менен бөлүшүңүз..........

KYRGYZCHA SITE