Пример HTML-страницы

Азамат Бактыбек уулу Ысык-Көл микрокредиттик агенттигинин директору болуп дайындалды

Акыркы жанылыктар

TurmushЫсык-Көл микрокредиттик агенттигинин директору болуп Азамат Бактыбек уулу дайындалды.

Микрокредиттик агенттиктин негиздөөчүсү катары президенттин Ысык-Көл облусундагы өкүлчүлүгү көрсөтүлгөн. Агенттик өзүн-өзү каржылаган уюм болуп саналат.

Кадрдык өзгөрүүлөр президенттин Ысык-Көл облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн алмашуусунун негизинде жүрүп жатат. Буга чейин аталган кызматты Данияр Арпачиев аркалап келген. Ал кечээ, 28-февраль күнү президенттин Ысык-Көл облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн биринчи орун басары болуп дайындалды.

Азамат Бактыбек уулу 1992-жылы 1-апрелде туулган.

Билими:

— 2009-2011-жылдары К.Тыныстанов атындагы Ысык-Көл мамлекеттик университетинин колледжинде финансист адистигине окуган;

— 2011-2014-жылдары К.Тыныстанов атындагы Ысык-Көл мамлекеттик университетинин финансы жана кредит факультетинде экономист кесиби боюнча билим алган.

Эмгек жолу:

— 2018-2019-жылдары СМК «ХЕЛПЕР» ЖЧКсында механик;

— 2022-жылдын 15-июлунан бүгүнкү күнгө чейин Ысык-Көл микрокредиттик агенттигинде кредит боюнча адис болуп иштеген.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.

Досторуңуз менен бөлүшүңүз..........

KYRGYZCHA SITE