Пример HTML-страницы

Атасынын кесибин улаган милициянын прапорщиги Илимдардын махабаты

Акыркы жанылыктар

TurmushКылмышкерди торго түшүргөн соң, күтүүсүздөн жол кырсыгына кабылып каза болгон атасынын жытын кийиминен искеп, анын кесибин улап, жолун жолдогон милициянын прапорщиги Илимдар Төлөмүшов Чүй облусунун Москва райондук ички иштер бөлүмүнүн камсыздоо бөлүмүнүндө эмгектенет. Анын ата кесибин улаган турмушу жана кусалык, эскерүүдөн сагынычка толуп, кээде көз жашына жуурулган жашоосу менен аймактык кабарчы таанышты.

«Жараткандан күндө бейишин тилеп, жаркын элесин эскерүү — жашоомдун өзөгүнө айланган ыраматылык Арстанбек атамдын жүзүн, үнүн, баскан турганын, мээрим чачкан күндөрүн толук элестете деле албайм. Ооба, болгону анда мен 2 жаш 3 айда гана экем. Жаштайымдан бери атамдын үйдө сакталып турган сүрөтүнө үңүлүп, ага окшош экениме сыймыктанам. Өзгөчө кийимдерин күндө карап, кээде анын формасын кучактап, кийип көрүп, ата жытын искейм. Ооба, 1996-жылдын 27-майында биздин үй-бүлө өтө чоң жоготууга учурап, апам 29 жашында кара жоолук салынып, 4 жаштагы байкем Кайрат экөөбүз атабыздан түбөлүккө айрылганбыз. Ошол каргашалуу күн жөнүндө апам, туугандарым эскеришкенде эс тарта баштаган күндөн бери оюма түйүп, жүрөгүмө түнөтүп келем. Ал окуяны бүгүн да эскергим келди.

Милициянын капитаны атам Арстанбек Төлөмүшов көп жылдар бою Чүйдүн Москва райондук ички иштер бөлүмүнүн нөөмөт бөлүмүнүн башчысы болуп үзүрлүү эмгектенди. Ал качкан шектүү кылмышкерди унаасы менен артынан кубалап, Сретенка айыл аймагына караштуу Спартак айылында торго түшүрөт. Ошол замат шектүүнү ыкчам тергөө бөлүмүнө өткөрүп берет да, унаасы менен жумуш ордуна кайтып келе жатканда кызмат учурунда күтүүсүздөн жол кырсыгына кабылып, 35 жашында каза болот. Ошентип, 1996-жыл 27- май биздин үй-бүлөдө кара тамгалар менен жазылып, күтүлбөгөн кырсык апамды, туугандарымды боздотуп, эми кадам таштаган агам экөөбүзгө кара туман каптатат. Айла жок көз жашыбызды көлдөтүп, сөөгүн жерге берерде артынан ээрчип, апабызды кучактап кала берген экенбиз да, арман күн! Ошол күн жакшы эсимде калбаса да бүгүн көз алдыма кара тумандай каалгым тартылат. Мага түшүнүксүз, бирок турмуштук чындыгына айланган ошол окуяны көз алдыма элестетсем, муундарым бошоп, өмүрлүк жолдошунан 29 жашында айрылган апамды аяп, жаш баладай эркелеп, бетинен өбөм. Апам байкем Кайрат экөөбүздү кош канатына кысып, үйдө аял, сыртта эркек болуп, оор түйшүктү аркалап, бизди эл катарына кошконуна башымды ийип таазим кылам. Бар болуңуз, алтын апам!

Апабыз Касиет биздин эч нерсеге салыштыргыс тообуз, түгөнбөс берекебиз, улуу күндөй жарык чачкан кутубуз. Анын кайраттуулугуна, сабырдуулугуна, өтө ыйык мугалимдик кесипти аркалап, Ташмат Арыков атындагы жалпы билим берүүчү орто мектебинде көп жылдардан бери директор болуп, билим талаасын аралап жүргөнүнө сыймыктанабыз. Мезгил өтө берет тура. Атам дүйнөдөн кайтканына да чейрек кылым ашты. Бойго жетип, атамдын жолун жолдоп, милиция кызматында иштеп келем. Эми саналуу күндөрдөн соң, кесиптештеримдин арасында милициянын капитаны, атам Арстанбектин жаркын элесине арналган спорттук иш-чара өткөрүүгө даярданып да жаткан чагым», — деди милициянын прапорщиги.

Ал андан ары сөзүн улай, өмүр жолуна токтолуу менен банкта иштеген кызга ашык болуп, аны менен жакындан таанышып, бүгүнкү күндө экөө куттуу үйдүн түтүнүн булатып жашап жатканы жөнүндө да кеп козгоду.

«Мен 1993-жылдын 20-декабрында Чүй облусунун Москва районуна караштуу Заря (мурдагы Жуков) айылында жарык дүйнөгө келгем. Элеттик балдардай эле жайында тал чыбыктан ат кылып, кышында кардан Аяз ата жасап, балалык мезгилдер өттү. Ал жерден 6-класска чейин окуп, орто билимге №1 Ак-Суу орто мектебинен ээ болдум. Алгач Беловодск айылындагы №28 Кыргыз-орус кесиптик лицейинде окуп, 2012-2013-жылдарда КРдин улуттук гвардиясында кызмат өтөдүм. Аскердик милдетти аяктаган соң, К.И.Скрябин атындагы Кыргыз улуттук агрардык университетинен жогорку билимге ээ болдум. 2016-жылдан бери Москва райондук ички иштер бөлүмүндө эмгектенип жатам.

Негизи мен спортту өтө жакшы көрөм. 2015-жылы Кара-Балта шаарында өткөн КРдин германдык бокс боюнча турнирде 2-орунду ээлегем. Мындан сырткары кыргыз күрөштө көп жолу жеңишке жетишип, байгелердин ээси болгом. Баса, жаңыдан милиция кызматына келгенде: «Сен Арстанбектин уулу турбайсыңбы? Атаңа окшош экенсиң. Досубуздун өмүрү кыска экен. Биз жакшы жолдош, кадырлуу кесиптеш элек. Жаткан жери жайлуу болсун! Атаңдын жолун жолдоп, ошондой ак кызмат өтө, балам» дешип, кесиптештери, аяш аталарым ак батасын жолдогон эле. Туура, ак кызмат өтөөгө ант берип, ар дайым тапшырылган ишти так аткарууга аракетим зор.

Ошентип, атама окшоп милиция формасын кийип, эмгектенип жатам. Күндөрдүн биринде айлыгымды алууга Беловодск айылындагы банктардын бирине барсам, көздөрү бакырайган бир кыз отуруптур. Негедир аны биринчи көрүшүмбү, же мурда байкабай жүрдүмбү, айтор көз карашыбыз башкача болуп, жүрөгүмдө бир сезим бүчүрү пайда боло баштады. Эмгек маянамды алып, үйгө келсем баягы кыздын жүзү көз алдыма тартылып, сөзү кулагыма жаңырып, жан дүйнөмө коргошундай уюса болобу. «Илимдар, сага эмне болду? Бир жериң ооруган жокпу? Тамагың муздап калбадыбы. Ысык ичсең» деген апамдын үнүнө селт этип чочуп кеткен учурлар да болгон. Мурда эмгек маянамды алууга банкка айына бир жолу барсам, эми күндө ошол тарап магниттей тартып, ар нерсеге шылтоолоп, көп каттоочу болдум. Акыры ошол кыз менен таанышып, күн өткөн сайын мамилебиз жакындап, апамды кубантып, Нуржан аттуу келинчектүү болдум. Жашообуз жакшы. Апамды эрте жумушка узатып, кечинде кучактап тосуп алып, ал эми атамдын жытын кийиминен искейм да, милиция формасын кийип, эл арасында жакшылыктардын көп болуусун тилеп жүрөм», — деди Илимдар Төлөмүшов.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.

Досторуңуз менен бөлүшүңүз..........

KYRGYZCHA SITE