Пример HTML-страницы

Аскерден сөөгү келген Айжигиттин ата-энесине айткан акыркы сөзү

Акыркы жанылыктар

TurmushБаткен облусунун Айдаркен шаарындагы аскер бөлүктө кызмат өтөп жатканда каза болгон Айжигит Таалайбек уулу аскерге өз каалоосу менен барган. Анын кызмат өтөп жатканына 1 гана ай болгон.

УКМКнын Чек ара кызматынын расмий маалыматында жоокер 9-ноябрда эртең мененки саат 5:45те аскер бөлүктүн медициналык пунктуна дене табы көтөрүлүп жана тамагы ооруп жатканын айтып кайрылып, андан кийин оозунан кан чыгып, абалы кескин начарлап, каза болуп калганы айтылды. Бирок маркумдун жакындары бул сөздөргө ишенбей жатышат. Алар маркумдун денесиндеги тактар күмөн жаратып жатканын айтышты.

  • Маркумдун сөөгүнө соттук-медициналык экспертиза жүргүзүлдү, ага Аскер прокуратурасынын жана Ички иштер министрлигинин өкүлдөрү катышты. Экспертизанын материалдары Бишкек шаарына жөнөтүлдү.

Turmush басылмасынын кабарчылары маркум жоокердин айылына барып келишти.

Апасы Батма Бусурманкулованын айтымында, уулуна альтернативдик жол менен аскердик күбөлүк алып берели дегенине карабай, аскерге кеткен.

«Үч күн мурун телефон аркылуу сүйлөшкөндө «апа, бир-эки күндө бизди башка жакка бөлөт» деген. Кечээ саат 15:30да белгисиз номурдан бирөө чалып, «балаңыз ысытмалап жатат» дегенинен жолдошум экөөбүз саат 17:00дө жетип бардык. Аскердик бөлүктөн тосуп алышып, эки аял мени кармап, кабарды угузуп, өлүкканага алып барышты. Баламдын бетин эле көрсөтүштү. Экспертиза бүткөнчө унаада кармап отурушту. Мурду канап, кан кусту дешти.

Мен чындыкты издейм. Күнөөлүүлөрдү таап, мыйзам чегиде жазалап беришсин. Ата-энелер сыздап отура беребизби? Кыргызстанда чындык барбы, биздин үнүбүз жетеби? Баламдын эч жери оорубайт болчу. Мен «барбай эле кой балам, альтернитавдик жол менен бүтүрөбүз» дегем. «Аскердик билетсиз ишке киргизбейт экен, келечегиме жакшы» деп жакшы ой-максаттары менен кетип, ойрон болду», — деди ал.

Жубайлар — Батма Бусурманкулова менен Таалайбек Карагуловдун эки уул жана эки кызы бар бар болсо, алардын кичүүсү Айжигит болчу. Атасына уулу кусканда боору кошо чыгып кеткенин айтышкан.

«Баламдын сөөгүн командирдин орун басары менен эки аскер чогуу алып келишти. 3 күн мурда сүйлөшкөнүбүздө эки эле сөз сүйлөдү. Анда да акырын «ата, мен жакшымын» деген гана сөздү айтты. Биз аскер бөлүккө барганда таңкы саат 05:45те медициналык жардамга кайрылганын, укол алганын, көөнү айланып кусканда боору кошо чыгып кеткенин айтышты.

Саат 15:15те жан бериптир. 15 мүнөттөн кийин «ысытмалап жатат» деп бизди чакырышыптыр. Текшерүүдөн баары жакшы өткөн. Өлүкканада бетин боёп койгонбу, көк алалары байкалган эмес. Үйгө алып келген соң баары шишип, бети көгөрүп, бутуна бир нерсе сайылганын көрдүк. Кошо кызмат өтөп жаткан аскерлерден сурасам, баары титирейт, ыйлайт. Тыкыр иликтенүүсүн талап кылам», — деди Т.Карагулов.

Айжигит Таалайбек уулунун жердештери, достору, коңшулары эскерип, жардамга шашкан, элпек жана баатыр мүнөз, айылдагы эң мыкты жигит болгонун айтышты.

Айжигит Таалайбек уулунун сөөгүн жеткирип келген аскер бөлүктүн командиринин орун басарынан жооп талап кылышты.

Таш-Арык айылынын тургуну — 2004-жылы туулган Айжигит Таалайбек уулу аскердик кызмат өтөп жатканда каза тапканын Turmush басылмасына анын бөлөсү Миргүл Раимжанова билдирген.

Анын айтымында, Айжигит Таалайбек уулу токмоктолгон, денесинде көк ала тактар бар. Ал Баткен облусунун Айдаркен шаарындагы аскер бөлүктө кызмат өтөп жаткан.

«Бөлөм 1 ай мурун мекенге кызмат кылуу үчүн кеткен. Бою 180 сантиметрден жогору болчу. Ден соолугу чың эле. Кечээ, 9-ноябрь күнү саат 15:00дө ата-энесине кабар берип, «балаңар ооруп жатат» дешиптир. Биздин туугандар барышса, бала өлүкканада экен. Оозун да скотч менен жаап салышыптыр. Скотчту алганда эле кан куюлуп кетиптир. Башы да көгөргөн. Денесинин соо жери жок, баары көк ала. Айдаркендеги аскер бөлүктөн «балаңарга 1 укол сайылды» дешиптир. Кандай укол экенин билбейм. Бир ай мурун сопсоо кеткен бала өлүп калышы мүмкүн эмес болчу. Аны ур-токмокко алышкан. Ата-энеси менен 2 күн мурун сүйлөшкөндө «бизди 2 күндөн кийин башка аскер бөлүктөргө бөлөт экен» деп айткан экен», — деген М.Раимжанова.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.

Досторуңуз менен бөлүшүңүз..........

KYRGYZCHA SITE