Пример HTML-страницы

Алыскы Ак-Шыйрак айылында алгачкы жолу тигүү цехи ачылды

Акыркы жанылыктар

TurmushЫсык-Көл облусунун Жети-Өгүз районуна караштуу Ак-Шыйрак айыл аймагында алгачкы жолу тигүү цехи ачылды.

  • Ак-Шыйрак айыл аймагы район борборунан 240 чакырым алыстыкта, сырт өрөөнүндө жайгашкан.

Жашоочулардын айтымында, буга чейин айылда чакан ишканалар болгон эмес. Элеттик кыз-келиндер дээрлик үйлөрүндө отурат.

Бул жолу «Ак-Шыйрак» коомдук бирикмесинин жетекчиси Чолпон Турганбаева (Юстиция министрлигинин базасында «Ак-Шыйрак» коомдук бирикмесинин жетекчиси катары Тургунбаева Чолпон Султановна көрсөтүлгөн) атайын долбоор жазып, 180 миң сомго кийим тигүүчү машиналарды алып келди. Тигүү цехи үчүн айыл аймагы тарабынан атайын жай берилип, учурда 5 кыз-келин жумуш менен камсыз болду.

Чолпон Турганбаева алдыда ишкананы кеңейтүүнү пландап жатат.

————————

Ысык-Көл облусунун Жети-Өгүз районунун алыскы өрөөнүндө жайгашкан Ак-Шыйрак айыл аймагында 300дөн ашуун калк жашайт.

Ак-Шыйрак айылы 1918-жылы негизделген. 1930-жылы колхоздоштуруу учурунда айылдык кеңеш уюшулуп, анын алдында башталгыч мектеп ачылган.

1962-жылы Кыргыз ССР Геология башкармалыгы тарабынан Үч-Кошкон айылы түптөлүп, Ак-Шыйрак айыл совети деп түзүлгөн. Ак-Шыйрак район борборунан 270 чакырым түштүк-чыгышта жайгашкан. Түндүгүнөн Эшек-Арт, түштүгүнөн Боор-Албас жана Ак-Зоо тоолору менен чектешет. Аянты 150-170 чарчы чакырымды түзөт.

Кышкысын 40 градуска чейин суук болот. Жайкысын салкын, жаан-чачын болуп турат.

Айылда билим берүүчү жатак мектеп, эки китепкана, маданият үйү, мейманкана, коомдук мончо өңдүү жайлар бар. Айыл аймакка киреше алып келүүчү топоз чарбасы (2014-жылы уюшулган) иш алып барат. Топоздордун санын көбөйтүү максатында ар кандай иштер жүргүзүлүп келет. Айыл эли негизинен мал чарбачылыгы менен алектенип, күн кечирип келишет.

Ак-Шыйрак айыл аймагынын башчысы Эрлан Асаналиевдин айтымында, айыл эли жол алыс болгонуна байланыштуу районго көп каттай беришпейт. Кышкы камылгаларын күз мезгилинде көрөт. Былтыркы пандемия маалында жергиликтүү тургундар районго такыр катташкан эмес. Азык-түлүк жана турмуш тиричиликке керектүүлүчү каражаттар жеткирилип турган.

Мал чарбачылыгы менен алектенген тургундар маданиятка да маани берип, ыр кесе жана кароо-сынактарды уюштуруп турушат. 300дөн ашуун айыл эли өз ара ынтымактуу күн кечирип келишет.

Тургундардын айтымында, Ак-Шыйрак деп аталып калышы топурактын өзгөчөлүгүнө байланыштуу. Мындагы жапайы айбанаттар менен малдын шыйрактары топурактан түсүнөн улам агарып калчу. Ушундан улам Ак-Шыйрак деп аталып калган.

Дагы бир уламышта байга жалданып иштеген жигит акысына тай алат. Тайды таптап, күлүк кылып чыгарат. Натыйжада күлүк алдыга эч кимди чыгарбаган Ак-Шыйрак аты менен атагы чыкан.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.

Досторуңуз менен бөлүшүңүз..........

KYRGYZCHA SITE