Пример HTML-страницы

«Алтын тамга» артыкчылык аттестатына татыган Сезим психолог болууну көздөп жатат

Акыркы жанылыктар

TurmushТалас облусунун Бакай-Ата районунун туругуну Сезим Нурхан кызы «Алтын тамга» артыкчылык аттестатын алат. Ал Turmush басылмасынын кабарчысы менен болгон маегинде келечекте психолог болууну көздөп жатканын билдирди.

Сезим аталган райондун Кызыл-Сай айылыда туулган. Учурда 18 жашта.

«Манас жатак лицейинде окуйм. Республикалык олимпиадага кыргыз тили жана адабияты боюнча катышкам. Мындан сырткары коомдук иштерге активдүү катышканга аракет кылам, балдар фондунун ыктыярчысымын. Китеп окуганды жакшы көрөмүн. Айрыкча 19-кылымдагы роман, новелла чыгармалары жагат. Себеби сабак алып, үйрөнө турган окуялар көп кездешет. Ошол эле учурда өтө кызыктуу.

«Алтын тамга» аттестататын ала турганымды укканда аябай толкундандым. Ата-энем, бир туугандарым абдан кубанышты. Жыйынтыгын өтө чыдамсыздык менен күттүм. Жыйынтыктар чыккандан кийин дагы ишене албай, улам-улам текшерип турдум.

Келечекте сөзсүз билим алып, кесиптердин ээси болуу зарыл. Бирок кайсы кесиптин ээси болууну так тандай элекмин. Кыргыз-Түрк «Манас» университетине же «Ала-Тоо» эл аралык университетине тапшырууну пландап жатамын. Психология адистине тапшырууну көздөөдөмүн. Мага адамдар менен сүйлөшүү, аларга кандайдый бир деңгээлде жардам берүү өзгөчө жагат», — деди ал.

Сезим үй-бүлөдө 5 бир туугандын улуусу.

—————————————————

2022-2023-окуу жылынын соңунда 167 бүтүрүүчү жалпы орто билими тууралуу аттестатын артыкчылык менен алат.

Аймактар боюнча саны:

  • Бишкек шаары – 76

  • Чүй облусу – 21

  • Ош облусу – 20

  • Баткен облусу – 14

  • Жалал-Абад облусу – 10

  • Ош шаары – 8

  • Ысык-Көл облусу – 7

  • Нарын облусу – 6

  • Талас облусу – 5

«Алтын тамга» тестирлөөсү республика боюнча 25-апрелде өткөрүлүп, ага 2 миңдей 11-класстын окуучусу катышкан.

Былтыр артыкчылк аттестатын 80 бүтүрүүчү алган.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.

Досторуңуз менен бөлүшүңүз..........

KYRGYZCHA SITE