Пример HTML-страницы

Аламүдүн районундагы 6 айыл аймак Бишкек шаарына кошулат. Сунушталып жаткан жаңы карта

Акыркы жанылыктар

TurmushАдминистративдик-аймактык реформадан кийин Чүй облусунун Аламүдүн районундагы 17 айыл аймактын 6 айыл аймагы Бишкек шаарына өтүп, 7 айыл аймак ирилештирилет.

Райондо учурда 170 миңден ашуун киши каттоодо турат. Административдик-аймактык реформадан кийин 89 миң 942 киши болот.

Район боюнча жалпы 37 мектеп, 28 бала бакча, 15 ҮДТ, 25 ФАП бар.

Реформанын максаты элге кызмат көрсөтүүнүн сапатын жогорулатып, калктын жашоо-турмушун жакшыртууга өбөлгө түзүү, жергиликтүү бийлик органдарынын жоопкерчилигин жогорулатуу, ошондой эле чечимдерди ыкчам кабыл алуу, жергиликтүү бийликтин ишмердүүлүгүндөгү коррупциялык тобокелдиктерди төмөндөтүү болуп саналат.

Бүгүнкү күндө айыл аймактардын аталышы тандалып, географиялык картасы даярдалды.

Бишкек шаарына кошула турган айыл аймактар:

Төмөнкү Ала-Арча айыл аймагы (10857 киши), Маевка айыл аймагы (10870 киши), Көк-Жар айыл аймагы (9495 киши), Лебединовка айыл аймагы (25 807 киши), Аламүдүн айыл аймагы (13835 киши), Пригород айыл аймагы (12952 киши).

Бишкек шаарына кошула турган айыл жана жаңы конуштар:

Ленин айыл аймагынын Мыкан айылы, Ак-Жар конушу, Нур-Кожо конушу, Адилет конушу;

Таш-Дөбө айыл аймагынын Орто-Сай айылы;

Кара-Жыгач айыл аймагынын №544, №545, №552 контурлары жана Анар-Бак конушу;

Ак-Дөбө айыл аймагынын Алтын-Казык конушу.

Түзүлө турган айыл аймактар:

Достук айыл аймагы:

Гроздь, Ленин (Мыкан айылы менен Нуркожо ата, Ак-Жар, Адилет калктуу конуштарынан тышкары) жана Ак-Дөбө (Алтын-Казык конушунан тышкары) айыл аймактары биригет. Түзүлө турган айыл аймактын административдик борбору Ленин айылы болот.

Айыл аймакта 8 айыл жайгашкан. Калкынын саны 17 907 киши.

Сүймөнкул Чокморов айыл аймагы:

Ала-Арча айыл аймагы менен Октябрь айыл аймагы биригет. Түзүлө турган айыл аймактын административдик борбору Мраморный айылы болот.

Айыл аймакта 5 айыл жайгашкан. Калкынын саны 13 251 киши.

Абдыкерим Сыдыков айыл аймагы:

Васильевка айыл аймагынын аталышы Абдыкерим Сыдыков болуп өзгөртүлөт. Түзүлө турган айыл аймактын административдик борбору Виноградный айылы болот.

Айыл аймакта 4 айыл жайгашкан. Калкынын саны 12 980 киши.

Таш-Мойнок айыл аймагы:

Таш-Мойнок айыл аймагы өзгөрүүсүз калат. Борбору — Кой-Таш.

Айыл аймакта 7 айыл жайгашкан. Калкынын саны 10 858 киши.

Арашан айыл аймагы:

Арашан айыл аймагы менен Таш-Дөбө айыл аймагы (Орто-Сай айылынан тышкары) кошулат. Административдик борбору Таш-Дөбө айылы болот.

Айыл аймакта 6 айыл жайгашкан. Калкынын саны 14 628 киши.

Байтик баатыр айыл аймагы:

Туз менен Логвиненко айыл аймактары биригет. Түзүлө турган айыл аймактын борбору Новопокровка айылы болот.

Айыл аймакта 5 айыл жайгашкан. Калкынын саны 14 576 киши.

Кара-Жыгач айыл аймагы:

Кара-Жыгач айыл аймагы (№ 544, № 545, № 552 контурлары жана Анар-Бак калктуу конуштарынан тышкары) калат.

Айыл аймакта 2 айыл жайгашкан. Калкынын саны 5742 киши.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.

Досторуңуз менен бөлүшүңүз..........

KYRGYZCHA SITE