Пример HTML-страницы

Алайдын акиминин кызматтык унаасы интернетке чыккан видеодон кийин айып короого киргизилди (видео)

Акыркы жанылыктар

TurmushБүгүн, 1-апрель күнү Алай районунун акиминин кызматтык унаасы номери жок жүргөн үчүн айып пул салынды. Бул тууралуу маалыматты Ош облустук Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо бөлүмүнөн тастыктады.

Маалыматка караганда, бүгүн жарандык активист тарабынан интернетке «Акимдерге боло берет» деген аталыштагы видео жарыяланган. Анда акимдин «Шевроле Каптива» үлгүсүндөгү кызматтык автоунаасы мамлекеттик белгиси жок токтоп турганы көрсөтүлгөн.

Аталган унаа бүгүн саат 17:40 чамасында Алай районунун Гүлчө айылынын Алымбек датка көчөсүнөн Алай райондук жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо бөлүмчөсүнүн кызматкерлери тарабынан токтотулуп, 1991-жылы туулган айдоочусу С.А.га Укук бузуулар жөнүндө кодекстин 182-беренесинин 4-бөлүмүнүн (транспорт каражаттарын эксплуатациялоо эрежелерин бузуу) негизинде протокол түзүлүп, автоунаа убактылуу айып короого токтотулду.

Аким Каныбек Апбасовдун айтымында, мамлекеттик номер боюнча министрлер кабинетинин токтомун күтүп жатышат. Эски кызматтык унаалардын номерлери акимдерге берилген «Шевроле Каптипа» унааларга катталат. Унаага бардык уруксат документтер (техникалык кароодон өтүү жөнүндөгү талон) бар.

  • «Шевроле Каптива» үлгүсүндөгү унаалар 2023-жылы чыгарылган.

  • Президенттин иш башкармалыгы тарабынан район жана алыскы аймактар үчүн чет элдик «Chevrolet Captiva» үлгүсүндөгү 90 унаа сатылып алынган. Алар 7 облустагы акимдерге кызматтык унаа катары таратылган болчу.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.

Досторуңуз менен бөлүшүңүз..........

KYRGYZCHA SITE