Пример HTML-страницы

Аксылык фермерге М.Горбачев «Даңк» медалын тапшырып, «Волга» белек кылган (сүрөт, видео)

Акыркы жанылыктар

TurmushКербен шаарына караштуу Ак-Дөбө айылынын 60 жаштагы жашоочусу Закирбек Турсунбаев асыл тукум жылкыларды багат. Фермер менен аймактык кабарчы таанышты.

Өзүнүн айтымында, ал 40 жылдан бери жылкы багуу менен алектенет.

«Союз убагында атам колхоздун жылкысын бакчу. Кийин мен мал доктур кесиби боюнча билим алып, андан соң жылкы чарбасын иштетүүгө кириштим. Бул иш менен алектенип келе жатканыма 40 жылдан ашты. Союз учурунда фермердик чарбадагы ар бир жылкыдан төл алгыла деген талап коюлчу. Мен фермердик чарбадагы 40 бээден 40 кулун алгандыгым үчүн 1985-жылы СССРдин экс-президенти М.С.Горбачевдин колунан 3-даражадагы «Даңк» медалын алгам. Медалга кошо ошол учурдагы эң кымбат жана кадыр-барктуу «Волга» унаасын белекке берген. 5 жыл мыкты фермер болуп, биринчиликти берген жокмун», — дейт З.Турсунбаев.

Ал союз тарагандан кийин асыл тукум жылкыларды сактап калуу кыйын болгонун айтат.

«Кийин союз тарап, жылкы фермасы дагы ыдырап кетти. Бизге ошол учурдагы асыл тукум жылкыларды сактап калуу өтө кыйын болду. 3-4 баш жылкы сакталып калгандан кийин кайрадан асыл тукум жылкыларды көбөйтүүгө аракет кылып, ушул даражага жеттик. Учурда 70 баш жылкы багып жатабыз. 2007-жылы «Осмонбек» аттуу асыл тукум жылкы фермасын түптөп, ишибиз ийгиликтүү болууда.

Жыл сайын 5-6 айлык 50дөй кулун сатылат. Алардын 60 пайызын Өзбекстандагы, 40 пайызын Аксы районундагы кардарлар алышат. Кулундар 40 миң сомдон 60 миң сомго чейин бааланат. Эл арасында асыл тукум жылкыларды алам дегендер көп. Жылкычылар дагы сандан сапатка өтүп жатышат», — дейт фермер.

Анын айтымында, Жалал-Абад облусундагы эң чоң деп табылган жылкы фермасы учурда Орусиядан 180 миң сомдук жылкыларды алып келип, аны жергиликтүү жылкылар менен аргындаштырганы жатат.

«Орусиядан 180 миң сомго атайын жылкыларды алдырып жатабыз. Ал жылкылар менен асыл тукум кыргыз жылкыларын аргындаштырып, кулун алуу пландалууда. Эгер планыбыз ишке ашып калса жакшы жылкыларды көбөйтүүгө шарт түзүлөт. Жылкынын жакшысын баксаң, ага талап дагы көбөйөт экен», — дейт З.Турсунбаев.

«Осмонбек» асыл тукум жылкы фермасында учурда 3 адам иш менен камсыз болгон.

Фермер З.Турсунбаевдин 4 уулу, 1 кызы жана 8 небереси бар.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.

Досторуңуз менен бөлүшүңүз..........

KYRGYZCHA SITE