Пример HTML-страницы

Аксыдагы токтобогон аткезчилик. Президенттин өкүлү маселени Министрлер кабинети чечип жатканын айтты

Акыркы жанылыктар

TurmushАксы районунда коңшу Өзбекстан Республикасына мал жандыктарды аткезчилик жол менен өткөрүү токтобой жатат. Бул тууралуу жергиликтүү тургун Бейшебек Чекиров президенттин Жалал-Абад облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Абсаттар Сыргабаев жашоочулар менен жолугушканда билдирди.

Анын айтымында, аткезчиликти токтотуп, районго заманбап шарттагы эт комбинатын куруу керек.

«Бизде райондо 5-6 мал базар бар, анын экөө чоң. Мал базардан алынган малдар Өзбекстанга өтүп жатат. Бул биздин келечек эмес. Заманбап эт комбинат курулуп, экспорттоо жагы колго алынса, пайдасы көбүрөөк болмок. Өзүм да комбинат курууга белсендим, каражатым жеткен жок», — деди ал.

Облус башчысы аткезчилик жолду токтотуу үчүн мыйзамдаштыруу жолу каралып жатканын айтты.

«Мал жандык өтүп жатканын баары эле билет. Бир канча жолу кылмыш иш козголуп, иштер жүрдү. Өткөндө Министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров Аксыга келгенде да ушул маселе коюлган. Учурда Министрлер кабинетинде мал жандыктарды коңшу өлкөгө мыйзамдуу түрдө өткөрүү боюнча каралып жатат. Эгер уруксат берилсе, мал жандыктар биринчиден, тирүүлөй экспортко кетет. Экинчиден, мамлекетке мыйзамдуу алып өткөндөр төлөм төлөйт», -деди ал.

Жыл башынан бери милицияга аткезчилик боюнча жергиликтүү тургундар тарабынан 6 чакыруу түшкөн.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.

Досторуңуз менен бөлүшүңүз..........

KYRGYZCHA SITE