Пример HTML-страницы

Аксыдагы катуу сел жолду жууп, үйлөрдү каптады

Акыркы жанылыктар

TurmushКечээ, 20-майда саат 17:30дар чамасында Жалал-Абад облусунун Аксы районунун аймагында мөндүр аралаш жаан жаады.

ӨКМдин басма сөз кызматынын маалыматы боюнча, жамгырдын кесепетинен Авлетим, Кызыл-Туу айыл аймактарында жайгашкан турак жай, айыл чарба жерлерине да сел суулары кирип, ички жана №12 жол тейлөө ишканасынын балансындагы автожолдорго кум-шагыл түшүп, жол бир тараптуу жабылган.

Мындан сырткары Кара-Жыгач айыл өкмөтүнүн Дардак-Дөбө участкасында эки турак үйдүн чатырын шамал учуруп, электр жарыгы үзгүлтүккө учураган.

Жеринде Аксы райондук өзгөчө кырдаалдар бөлүмүнүн өздүк курамы эки топко бөлүнүп, тактоо иштерин жүргүзүүдө.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.

Досторуңуз менен бөлүшүңүз..........

KYRGYZCHA SITE