Пример HTML-страницы

Ак-Талаанын Арпа жайлоосуна кара чегирткелер чабуул жасады (видео)

Акыркы жанылыктар

TurmushНарын облусунун Ак-Талаа районунун Арпа жайлоосунда зыянкеч чегирткелер көбөйүп жатат. Бул тууралуу аймактык кабарчыга жергиликтүү тургундар билдирди.

Ак-Талаа районунун тургуну Нургазы Медербековдун айтымында, аталган жайлоодо 3 жылдан бери зыянкеч чегирткелер көбөйүүдө.

«Мен 29-июнь күнү Арпа жайлоосуна барып, жер жайнаган чегирткелерге күбө болдум. Өткөн жылы дагы чегирткелер ушундай көбөйүп кеткендиктен улам июнь айларында Пикап унаалар менен барышып, дары чачып кетишкен экен. Өлүп калган дешти. Бирок тээ май айларында, личинкаларын таштай электе дары сепкенде жоголмок. Азыр эми чегирткелер личинкаларын таштап коюшту.

Арпа жайлоосунун Ак-Чий айыл аймагына караштуу Ачанын-Жээги деген жерде көп экен. Малчылардын айтымында, ары Коңорчок айыл аймагына тиешелүү жерлерде да бар. Мен барган жердин этек жагында чоң-чоң, жогору жагында майда-майда, өңү кара чегирткелер каптап кетиптир. Унаалар менен чегирткеге каршы уу дарыларды сепкенде канчалык деңгээлде таасир этерин билбейм. Шамалга карап чачыратат экен. Ошентсе деле унаалар бийик тоонун кырларына, кокту-колотторго түшүп-чыга албайт да. Атайын дрондор менен чачышса болмок. Бир жылдары Ат-Башы районунун ички жайлоолорунда чегирткелер көбөйүп кетип, дрондор менен дары чачкандарын көрдүм эле. Жайыт чөптөрүн чегирткелер эле талкалап салып жатпайбы. Жыл сайын ал жайлоодо жайлап жүргөн малчылардын айтымында, чегирткелердин мындай көп болуп жаткандыгына быйыл үчүнчү жыл болду», — деди Н.Медербеков.

Ал эми Ак-Чий айылынын малчылары чегирткелер чатырга чейин кирип жатышканын билдирди.

«Биздин Арпага көчүп келгенибизге 10 күн болду. Жайытты чегирткелер жеп бүтмөй болду. Тигип алган чатырларыбызга биз жашабай эле, чегирткелер жашап калды. Чегирткеге каршы уу чачып жүргөндөр «бул жагы биздин планда жок болчу, бул жакка чачпайбыз, кетебиз» деп коюшту. Мындай болсо, анда биз августта эле көчүп кетебиз го», — дешти малчылар.

Бул боюнча Ак-Талаа райондук өсүмдүктөрдү коргоо бөлүмүнүн башчысы Жаныш Карасартов чегирткелерге каршы уу чачуу иштери жүрүп жатканын айтты.

«Атайын түзүлгөн комиссия Арпа жайлоосуна барып, Каракол суусунун жээгинен тарта Терек айыл аймагына караштуу Бөйрөк-Булак чөлкөмүнө изилдөө иштерин жүргүзгөнүбүздө чегиртке абдан аз болчу. Андан тышкары Баетов айыл аймагына тиешелүү Балык-Жон, Ичке, Ит-Өлгөн, Алмамбет, Арал чөлкөмдөрүн дагы караганбыз. Чегирткелер бар, бирок аз болчу. Ошондой эле Ак-Чий айыл аймагына караштуу Ачанын-Жээги чөлкөмүнө барганбыз. Чегирткелер майда жана 1 чарчы метр жерде 2-3 төн гана чегиртке болчу. Коңорчок айыл аймагына тиешелүү Бурганды, Чатыр-Таш чөлкөмдөрүн барып караганбыз. Ал жакта чегиртке жок эле. Изилдөөнүн негизинде чегиртке толук чыккандан соң 10 күндөн кийин аларга каршы иш жүргүзүү чечимин кабыл алганбыз. 5-июлдан тарта Терек айыл аймагынын Каракол, Бөйрөк-Булак, Баетов айылынын Ит-Өлгөн чөлкөмдөрүнө чегирткелерге каршы уу дарыларды чачышты. Калган чөлкөмдөргө дагы дары чачуу иштерин жүргүзүп жатышат», — деди Ж.Карасартов.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.

Досторуңуз менен бөлүшүңүз..........

KYRGYZCHA SITE