Пример HTML-страницы

Ак-талаалык тургун үйүндө жалгыз калганда жырткыч кол салган. Аны балка менен чапкылап өлтүрдү (видео)

Акыркы жанылыктар

TurmushНарын облусунун Ак-Талаа районунун Көк-Жар айылынын 47 жаштагы тургуну Улан Карагулов өзүнө кол салган чөө менен кармашып, жырткычты балта менен өлтүрдү. Ал Turmush басылмасынын кабарчысына окуя кандай болгонун айтып берди.

Жырткыч Улан Карагуловдун бутун тиштеп алган. Ал айылдын четиндеги үйлөрдүн биринде жашайт. Ал учурда ооруканада.

«Үйдөгүлөр шаарга кетип, үйдө жалгыз болчумун. Мурдагы күнү кечки саат 21:00дөр чамасында ит аябай каңшылаганынан эшикке чыксам, эшиктин алдындагы көң жыйылган бастырма жакта бир ит турган экен. Жанына жакындап бара жатсам айбат көрсөтүп, бутумдан тиштеп калды. Чөө экенин ошондо билип, аны тепкилеп, көң жыйылган тарапка качып, ал жерден көң талкалаган балканы ала коюп, кайра үйдү көздөй качтым. Чөө артымдан кубалады. Анан мен үйгө кире калып, каалганы жаптым. Бирок артымдан кошо кубалап кирген чөөнүн баш жагы коридорго кирип, каалгага кыпчылып калды. Колумдагы балка менен чөөнү башка чапкылап өлтүрдүм. Бир тиштеп калды. Кечээ иним ооруканага алып келип жаткырган. Дарыгерлер дарылап жатышат», — деди У.Карагулов.

Улан Карагуловдун иниси Эрнист Карагулов буларга токтолду.

«Үй көчөнүн этегинде. Үйдөн нары жагы ээн, кокту-колот, сайдын жээги. 1-февраль күнү кечки саат 21:30-22:00дөр чамасында эшикте ит үрүп, каңшылаганынан байкем эшикке чыгып, короо жакка басып келе жатса, чөө чуркап келип, тиштеп калат. Байкем аракет кылып, тепкилеп, чөөдөн бошонуп, үйдү көздөй качып барат. Сыртка чыгып келе жатканда үйдүн каалгасын ачып коюптур. Анан качып барып, үйгө кире калып, каалганы жаба койсо артынан кубалап кирген чөө каалгага кыпчылып калыптыр. Коридорго кире беришке көң талкалаган балканы коюп коюптур. Аны ала коюп чөөнү башка чапкылап өлтүрүптүр. 4-февраль күнү ооруканага алып келип, жаткырдык. Чөөнү айылдык ветеринар келип көрүп кетти.

Чөө күч болууда. Карышкыр, чөө атуу боюнча аракет көрүлүп жатат. Эми жогорку жактан «жаныбарларды коргоо» деп эле тыюу салып жатышкандыктан мергенчилер коркуп, карышкыр, чөөгө аңчылыкка чыкпай жатышпайбы. Чөө оңой менен аттырбайт дагы экен. Баягы күнү чөөгө каршы чыгышкан. Бирок ата албай коюшкан окшойт. Жаныбарларды деле коргоого ала турчусун коргошпойбу. Минтип айылга чейин кирип келип, чоң эле кишилерге кол салып жатса, бизди ким коргойт? Биздин Ак-Кыя айылы менен Көк-Жар айылынын аралыгы 1 чакырымдан ашык. Балдар Көк-Жардан Ак-Кыя айылына келип-кетип окушат. Эки айылдын ортосун сай бөлүп турат. Кудай сактасын, бирок жолдон бала-чакага чөөлөр кол салбайт деп ким кепилдик бере алат? Эки айылдын ортосунан бала-бакыра каттайт, жалгыз-жарым өтөбүз. Өзгөчө, караңгыда топтошкон чөөлөр талап кетсе эмне болот? Жогору жактан чара көрүп беришсе болот эле. Жергиликтүү мергенчилерди ок-дары менен камсыз кылышса жакшы болмок», — деди Э.Карагулов.

Көк-Жар айыл өкмөтүнүн башчысы Адилет Акматов карышкыр, чөө атуу иштери уюштурулгандыгын айтты.

«Чындыгында чөө күч болуп жатат. Чөө атуу боюнча жайыт комитети, жергиликтүү мергенчилер менен биргеликте аңчылык кылуу иштерин уюштурганбыз. Чөө күндүз коёндой болуп камыш, бадалдардын арасынан бекинип алып, түнкүсүн чыгат экен. Оңой менен аттырбайт экен. Өткөндө чыгышып, бир чөө атышкан», — деди А.Акматов.

Ал эми Кара-Бүргөн айылынын тургундары Мирбек Жакыпов жана Замир Турдукулов чөө күч болуп жаткандыгын айтышты.

«Биздин айылда дагы чөө күч болууда. Айылга чейин аралап кирип келишүүдө. Өткөндө түндө Аттокур дегендин короосуна чейин кирип келиптир. Колунда бир таяк барбы же бир нерсе бар экен, ошону тап берсе качып кетиптир. Айыл четиндеги жашоочулардын короо-жайына кирип үндүк, тоок дегендерин кырып кетип эле жатат. Эми жаныбарларды коргоо деп жогору жактагылар тыюу салып коюшуптур деп жатышат. Жаныбарлардын деле коргой турчусуна тыюу салышпайбы? Кеч киргенде эле бала-чаканы кайтарып, мектепке барып, алып келип жүрөбүз. Коркунучтуу эле болуп калды. Эми минтип Ак-Кыя айылында короого чейин кирип келип, чоң эле адамга кол салып жаткан чөө жан койбойт го. Бул маселе боюнча жогору жак кандайдыр бир аракеттерди көрүп, мергенчилерге уруксат беришсе болмок», — дешти алар.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.

Досторуңуз менен бөлүшүңүз..........

KYRGYZCHA SITE