Пример HTML-страницы

Ак-талаалык Байсеркееванын атасы ага Мухтар Ауэзовдун романындагы каармандын ысымын ыйгарган

Акыркы жанылыктар

TurmushНарын облусунун Ак-Талаа районуна караштуу Баетов айылынын 62 жаштагы өзгөчө ысымдуу тургуну Нурганым Байсеркеева 19 жыл метеостанцияда эмгектенген. Аны менен аймактык кабарчы маектешти.

Байсеркеева Нурганым Орокчиевна 1961-жылы 29-июль күнү Дөрбөлжүн (азыркы Баетов) айылында туулган. Аталган айылдагы М.Ломоносов (азыркы Ш.Бейшеналиев) атындагы орто мектебин аяктаган соң, Нарын шаарындагы ун азыктарын чыгаруучу комбинатта лаборант болуп иштеген. №1 кесиптик жана техникалык мектепте окуп, радио оператор-метеокөзөмөлдөөчү кесибине ээ болгон. 1980-1999-жылдары Ак-Талаадагы метеостанцияда абы ырайын текшерүүчү болуп эмгектенип, 1999-жылы штаттык кыскаруунун натыйжасында жумуштан кеткен.

Нурганым апанын ысымы казак жазуучусу Мухтар Ауэзовдун «Абай» романындагы каармандын атынан коюлган.

«Эми менин ысымыма токтолсок. Мен төрөлгөн маалда атам казак жазуучусу Мухтар Ауэзовдун «Абай» романын окуп жаткан экен. Романдагы Нурганым аттуу каармандын атынан койгон экен. Чындыгында Нурганым деген ысымды Кыргызстан боюнча уга элекмин. Балким бардыр. Өзүм тууралуу айтсам. Атам Орокчу Байсеркеевди кимдер гана билбейт. Улуу Ата Мекендик согуштун катышуучусу, айылда аксакалдар кеңешинин төрагасы болуп жүрдү. «Бакай-Ата» коомун жетектеп жүрдү. Ата-энем 12 балалуу болушкан. 6 уул, 6 кызбыз», — деди Нурганым апа.

Жумуштан бошогондон кийин Нурганым апа кол өнөрчүлүк менен алектенгендигин айтты.

«1999-жылдары кыскаруу чыкпадыбы. Метеостанциядан ошол кыскарууга дуушар болуп, жумуштан кеттик. Жумуштан кеткенден кийин кол өнөрчүлүк менен алектендим. Ортодон заман бузулуп кетти. Жумуш жок. Элдин көбү тытынып оокат кылып калбадыбы. Канчалаган шырдак жасап, Ошко чейин саттым. Эжемдин балдары Ленинградда эле. Ал жакка чейин саттым. Жер төшөк, килемчелерди чыраштадым. Далай кыз-келиндер келип, кийиздерин ойдуруп, кеңеш сурап келишчү. Аларга шырдак жасоо боюнча кеп-кеңештеримди айтчумун. Эми 60 жаштан өткөндөн кийин шайың деле калбайт экен. Азыр түймө түйүп сатам. Белек кылып берем. Көбүнчө кыздарыма, неберелериме топу, баштыктарды түйүп берем. Айрым учурларда буйрутма берип, түйдүрүшөт», — деди ал.

Каарманыбыз СССР таркап кеткен жылдары элдин жашоосу кыйынчылыкка туш болгондугун айтты.

«Союз таркап кетти. Кыргызстан демократиялык өлкө болобуз дедик. Бизден чийки сырьёлорду Россия алып кетип, кайра бизге берчү. Дүкөндөрдө азык-түлүк, керектүүлөрдүн бардыгы толуп турчу. Союз тарап кеткен соң, дүкөндөргө эч нерсе келбей калды. Өзгөчө ун тартыш болду. Көпчүлүк буудай айдабайт. Акчабызды көтөрүп алып ун издейбиз. Буудай айдагандар буудайдын тегирменге тарттырып, ун сатышат. Алардыкы деле аз. Бир заматта талап кетишет. Айрымдар нан жасап сатышат. Эки уулум кичинекей эле. Алар «нан» деп ыйлашат. 2-3 нан алып келем. Ал эмнеге жетет. Бакчабызга картошка айдачубуз. Картошкадан күчүбүздү чыгарчубуз. Күзүндө көпчүлүк элдин машак терген күндөрү болду. Мен терген жокмун, бирок тергендер болду. Бирок, баягы согуш учурундагыдай эмес. Кудай сактасын. Мал-мүлк бар болчу. Эми Кудай кут кылсын. Азыр бардыгы бар. Элибизде, жерибизде тынчтык болсун. Жаштарга, карыларга дагы ыйман берсин», — деди Нурганым апа.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.

Досторуңуз менен бөлүшүңүз..........

KYRGYZCHA SITE