Пример HTML-страницы

Ак-талаалык 2 мугалим республикалык сынакта алдыңкы орунду камсыздашты

Акыркы жанылыктар

TurmushАк-Талаа районунун Тоголок Молдо айыл аймагына караштуу Кызыл-Белес айылынын 2 мугалими республикалык сынакта алдыңкы орунду камсыздашты. Бул тууралуу аймактык кабарчы билдирди.

Аталган айылдын С.Атамбеков атындагы орто мектебинин мугалими Касиет Сулайманованын айтымында, Ж.Баласагын атындагы улуттук университетте «Мыкты класс жетекчи — 2024» сынагы өткөрүлгөн. Ага Ак-Талаа районунан жалпы 8 мугалим катышып, сынак 5 этап менен жүргүзүлгөн.

Жыйынтыгында аталган мектептин мугалими Адилбек Көчөрбаев 3-орунду, ал эми Касиет Сулайманова 5-орунду камсыздоо менен «Илимий сабак» номинациясы менен сыйланышты.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.

Досторуңуз менен бөлүшүңүз..........

KYRGYZCHA SITE