Пример HTML-страницы

Ак-Талаада жөлөк пул алган 50 үй-бүлө 100 миң сомдун сертификаттарын алышты

Акыркы жанылыктар

TurmushНарын облусунун Ак-Талаа районунда жөлөк пул алган 50 үй-бүлө 100 миң сомдун сертификаттарын алышты. Бул тууралуу аймактык кабарчы билдирди.

Маалым болгондой, Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 15-июль күнү чыгарылган №385 токтому боюнча «Үй-бүлөгө көмөк» аталышындагы социалдык контракт боюнча жөлөк пул алуучуларга түшүндүрүү иштери жүргүзүлдү.

Анын натыйжасында жөлөк пул алган 50 үй-бүлө 100 миң сомдон көмөк алуу үчүн арыз жазган. Мунун негизинде бүгүн, 14-сентябрь күнү комиссия тарабынан аныкталган 50 үй-бүлөгө 100 миң сомдун сертификаттары тапшырылды.

Сертификат тапшырууга аким Жумадилла Жапаров, акимдин орун басары Кенжегүл Карагулова жана райондук эм­гек, социалдык камсы­здоо жана миграция башкармалыгынын жетек­чиси Эрлан Качкынбае­в катышты. Тапшыруу иш-чаранын жүрүшүндө жетекчилер сертификат алып жаткандардын иштери тиешелүү мекемелер менен бирге текшерилерин белгилешти.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.

Досторуңуз менен бөлүшүңүз..........

KYRGYZCHA SITE