Пример HTML-страницы

Ак-Талаа районунда кызын дубалга сүздүргөн ата кара жумушка кесилген

Акыркы жанылыктар

TurmushУшул жылы Нарын облусунун Ак-Талаа районунда өспүрүм балдарга зордук-зомбулук көрсөткөн 1 учур катталган.

Акимдин орун басары Кенжегүл Карагулованын айтымында, өспүрүм балдарга зордук-зомбулук көрсөткөн 1 учур Баетов айылында катталган. Тактап айтканда, күйөөсү мастыктан улам аялына жулунуп, ортого түшкөн кызын чаап алган.

«Райондук иштер бөлүмүнө ушул жылдын сентябрь айында бир тургун мас абалында кызын жаакка чаап, дубалга сүздүргөндүгү боюнча билдирүү түшкөн. Бул боюнча райондук иштер бөлүмү комиссия түзүп, ишти карап, сотко жиберген. Ал адам соттун чечими менен 72 саатка кара жумушка кесилген. Бүгүнкү күндө өспүрүм кыздын абалы жакшы. Бул боюнча эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция башкармалыгы тарабынан үй-бүлө менен жекече иштөө планы түзүлүп, иш алып барышууда. Учурда ал үй-бүлөнүн балдары толук көзөмөлдө турат», — деди К.Карагулова.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.

Досторуңуз менен бөлүшүңүз..........

KYRGYZCHA SITE