Пример HTML-страницы

Ак-Суунун Челпек айылына 8,5 млн сомдук жол тейлөөчү техника беришти

Акыркы жанылыктар

TurmushЫсык-Көл облусунун Ак-Суу районуна караштуу Челпек айылына жол тейлөөчү техника алынды. Бул тууралуу аймактык кабарчы билдирди.

Маалыматка караганда, президенттин Ысык-Көл облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн биринчи орун басары Улан Далиев иш-чарага катышып, айыл элин жаңы техникалуу болушу менен куттуктады. Буга чейин жол тейлөөчү техника (грейдер) айыл эли үчүн негизги көйгөй болуп келген.

«Бул техниканы көптөн бери күтүп жатканбыз. Анткени айыл ичиндеги жолдор көйгөй жаратып келген. Мындан ары жолубуз түз болот. Айыл элинин атынан облус жетекчисине жана район жетекчилигине рахмат айтабыз. Айылыбызга кут келди. Жолу түз айыл болгон — эң жакшы да. Ушундай иштер көп болуп турсун», — дейт Челпек айылынын аксакалы Асылбек Оңгоев.

Челпек айыл аймагында 7930 адам жашайт. Аймакка Челпек, Бурма-Суу жана Таш-Кыя айылдары кирет. Жалпысынан 80 чакырымдан ашык ички жол бар. Жолду оңдоп-түзөөдө көп кыйынчылыктар болуп келген.

«Айыл ичиндеги жолдорду сүрдүрүү үчүн биз техникасы бар башка айыл өкмөттөр менен келишим түзүп, жолду сүрдүрчүбүз. Ага жергиликтүү бюджеттен каражат коройт. Эми өзүбүздүн техникабыз болуп жатат. Бюджеттен каражат жумшабастан, ошол эле учурда кезекке туруп, башка айыл аймактардын техникасын күтпөстөн өзүбүз иш алып барабыз», — дейт Челпек айыл аймагынын башчысы Салават Кадаев.

Айыл аймактарды жакшыртуу жана жергиликтүү элдин көйгөйүн чечүү иштери аткарылып жаткандыгын район акими Мунарбек Насиров айтып өттү.

«Айыл өкмөттүн сунушун райондо түзүлгөн байкоочу кеңеш карап чыгып, муктаждык чоң болгондуктан Ысык-Көлдү өнүгүү фондуна кайрылганбыз. Жалпы сметалык баасы 8,5 млн сомго жол тейлөөчү атайы техника (грейдер) берилип жатат. Бул техника Челпек айыл аймагынын балансына алынды. Эми айыл аймактагы ички жолдорду оңдоо менен катар Каракол—Кашка-Суу капчыгайындагы «Каракол» лыжа базасына барчу 4 чакырымдан ашык жол да сүрүлүп турат», — дейт аким М.Насиров.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.

Досторуңуз менен бөлүшүңүз..........

KYRGYZCHA SITE