Пример HTML-страницы

Ак-Суудагы айыл башчы кармалган адам айыпка жыгыларын айтты

Акыркы жанылыктар

TurmushЫсык-Көл облусунун Ак-Суу районуна караштуу Ак-Чий айылында тургундар мал-жандыктардын өлүгүн жана ар кандай таштандыларды эл жашаган аймакка таштап жатат. Ушундай ыңгайсыздыктарды жараткан тургундарга айып салынарын Ак-Чий айыл аймагынын башчысы Рыскелди Асакеев билдирди.

«Жергиликтүүлөр менен сүйлөшүүлөр жүргүзүлүп, экологияга зыян келтирген адамдарга чара көрүү үчүн 5000 сом айып салынат деп чечилген. Малдын өлүгүн же таштанды таштаган жарандар тууралуу маалымат бергиле деп жатабыз.

Бирок кармалбайт жатат. Түнү же эл жокто айылдын четине, арыктарга таштап кетишет. Биздин кызматкерлер тазалап, көмүп, жок кылып жатабыз. Тургундарды тазалыкка чакырат элем», — деди Рыскелди Асакеев.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.

Досторуңуз менен бөлүшүңүз..........

KYRGYZCHA SITE