Turmush — Административдик-аймактык реформанын алкагында Талас облусунун Бакай-Ата районундагы айыл аймактарды 4 айыл өкмөткө бириктирүү пландалып жатат.
Реформанын максаты элге кызмат көрсөтүүнүн сапатын жогорулатып, калктын жашоо-турмушун жакшыртууга өбөлгө түзүү, жергиликтүү бийлик органдарынын жоопкерчилигин жогорулатуу, ошондой эле чечимдерди ыкчам кабыл алуу, жергиликтүү бийликтин ишмердүүлүгүндөгү коррупциялык тобокелдиктерди төмөндөтүү болуп саналат.
Бакай-Ата райондук мамлекеттик администрациясы тарабынан айыл аймактарын ирилештирүү боюнча долбоор даярдалды. Анда 9 айыл аймакты 4 айыл аймакка бириктирүү сунушталат.
Долбоор боюнча:
— Бакай-Ата жана Миң-Булак айыл өкмөттөрү биригет. Калкынын саны 12993 адамды түзөт. Курамына Бакай-Ата, Наматбек, Миң-Булак айылдары кирет.
— Боо-Терек жана Оро айыл өкмөттөрү бригет. Калкынын саны 12443 адамды түзөт. Курамына Боо-Терек, Кыргызстан, Жон-Коргон, Биринчи май айылдары кирет.
— Ак-Дөбө, Өзгөрүш, Кең-Арал айыл өкмөттөрү биригет. Калкынын саны 16959 адамды түзөт. Курамына Ак-Дөбө, Өзгөрүш, Кең-Арал айылдары кирет.
— Акназаров жана Шадыкан айыл өкмөттөрү биригет. Калкынын саны 12214 адамды түзөт. Курамына Кызыл-Октябрь, Маданият, Таш-Кудук, Көк-Таш, Урмарал, Ынтымак, Түйтө айылдары кирет.
Учурда Бакай-Ата районунда 9 айыл аймак бар. Алар:
— Бакай-Ата айыл аймагы: Бакай-Ата айылы, Наматбек айылы;
— Акназаров айыл аймагы: Кызыл-Октябрь айылы, Көк-Таш айылы, Таш-Кудук айылы, Урмалар айылы, Маданият айылы;
— Оро айыл аймагы: Кыргызстан айылы, 1-май айылы, Кара-Суу айылы;
— Ак-Дөбө айыл аймагы: Ак-Дөбө айылы;
— Кең-Арал айыл аймагы: Кең-Арал айылы;
— Шадыкан айыл аймагы: Түйтө айылы, Ынтымак айылы;
— Боо-Терек айыл аймагы: Боо-Терек айылы;
— Миң-Булак айыл аймагы: Миң-Булак айылы;
— Өзгөрүш айыл аймагы: Өзгөрүш айылы.
Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.