Пример HTML-страницы

Ага жардам бербей кетип калган милиционерлерге кылмыш иш козголду

Акыркы жанылыктар

Turmush2021-жылдын 28-декабрынан 29-декабрына караган түнү Талас шаарында аялынын өлүмүнө шектүү катары кармалган Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо бөлүмүнүн кызматкеринин кесиптештеринин үстүнөн иликтөө жүрүп жатат. Бул тууралуу бүгүн, 5-сентябрда Талас ОИИБдин басма сөз кызматы кабарлады.

Маалыматка караганда, инспектор А.Ж. ал күнү түн ортосунда өз үйүндө аялы Н.Э.ни сабаган. Түнкү саат 02:03 чамасында үйгө А.Ж.нын кесиптештери Талас ОИИБдин Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо бөлүмүнүн кызматкерлери – У.М., А.К., С.Д., жана анын жубайы Ж.Н. келген. Алар сабалган келинди көрүп, бирок аны алсыз абалына байланыштуу өзүн сактап калууга мүмкүнчүлүгү болбогон жана ден соолугу үчүн коркунучтуу абалда калтырып, саат 03:44 чамасында үйдөн чыгып кетишкен.

Аталган факты боюнча Талас шаарынын прокуратурасы тарабынан 2022-жылдын 10-август күнү Кылмыш-жаза кодексинин 145-беренеси (жардам көрсөтпөй коюу) менен кылмыш иш козголуп, тергөө аракеттерин жүргүзүү үчүн 2022-жылдын 15-август күнү Талас ШИИБге жиберилген. Азыркы учурда кылмыш иш боюнча териштирүү иштери жүргүзүлүүдө.

Окуя тууралуу:

2021-жылдын 28-декабрында Талас шаарында 2 балалуу жаш келиндин жансыз денеси табылганы маалым болгон. Андан кийин Талас ШИИБ келиндин өлүмүнө шектелип 1988-жылы туулган күйөөсү Ж.А. кармалганын билдирген.

Түзүмдүн маалыматына караганда, 1992-жылы туулган Э.Н. аттуу келин өз үйүндө каза болгону тууралуу билдирүү түшкөн. Билдирүүнүн негизинде окуя болгон жерге ыкчам тергөө тобу барып, кароо жүргүзгөн. Текшерүү учурунда каза болгон келиндин денесинде көк ала тактар бар экени аныкталган.

  • Камакка алынган А.Ж. Талас шаардык жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо бөлүмүндө кызмат өтөп жаткан.
  • Интернетте ошол күнү видеокамерага тартылып калган тасма чыккан. Анда кылмышка шектелип кармалган А.Ж. өзүнүн аялын сабап жатканы тартылган. Ал жубайын үйдүн короосунда «Мерседес-Бенц» үлгүсүндөгү унаанын жанынан сабаган. Аялы андан кийин үйгө кирип кеткен. Бир нече убакыт өткөндөн кийин ал үйгө милиция кызматкерлери жана 1 аял келген.

    Өз өмүрүнө кол салмак болгон:

    4-январь күнү Талас ОИИБдин басма сөз кызматы кармаган инспектор 3-январда өз өмүрүнө кол салмак болгону аныкталганын билдирген.

    «Аялынын өлүмүнө шектүү катары кармалган жаран кечээ күнү убактылуу кармоочу жайда суицидге барам деп жип даярдап жаткан учурда кызматкерлер көрүп, алдын алып калышкан», — деп айтылган маалыматта.

    • Бул үй-бүлөнү тааныгандар каза болгон келин Э.Н. Талас шаарындагы кафелердин биринде достору менен жаңы жылдык майрамда болгонун, жубайлардын ортосундагы чыр кызганычтан улам келип чыккан болушу мүмкүн деп болжолдошкон.

    12 жылга камалган күйөө:

    30-августта Талас облустук сотунун басма сөз кызматы аялынын өлүмүнө шектүү катары кармалган Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо бөлүмүнүн кызматкери 12 жыл 6 айга камалганын кабарлаган болчу.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.

Досторуңуз менен бөлүшүңүз..........

KYRGYZCHA SITE