Пример HTML-страницы

А.Ормокеев 38,5 миң доллар опузалаган айыпталуучу менен соттун төрагасынын жолугушуусу тууралуу айтты

Акыркы жанылыктар

TurmushБүгүн, 12-октябрда АКИпресс-Ошто Ош шаарынын тургуну — юрист Азамат Ормокеев маалымат жыйын өткөрүп, Ош шаардык сотунун төрагасына ишенбөөчүлүк көрсөттү.

Азамат Ормокеевдин айтымында, Ош шаардык сотунун төрагасы иш убактысында опузалап акча талап кылуу беренеси боюнча кылмыш иши козголуп, иши сотто каралып жаткан айыпталуучу М.М. менен жеке кабылдамасында жолугуп, сүйлөшкөн. Ал төраганын бул аракеттери элдин сотко болгон ишеничин кетирет деп сыпаттады.

Учурда Азамат Ормокеев жабырлануучу Наргиза Садикованын ишеним кат боюнча өкүлү катары соттук отурумдарга катышып жүрөт.

«Ош шаардык сотунун төрагасынын аракеттери элдин сот адилеттигине болгон ишеничин кетирди деп эсептейбиз. Себеби азыркы учурда Ош шаардык сотунда Рустам Саткынбаев деген судьянын өндүрүшүндө кылмыш иш каралып жатат. Анда М.М. аттуу айыпталуучу бир тууган бөлөсүнө ар кандай шылтоолорду айтып, коркутууларды жасап, Наргиза Садиковадан 38 миң 500 долларын опузалап алган. Учурда бул боюнча соттук териштирүү жүрүп жатат.

М.М.га 2022-жылы 8-сентябрда бул кылмыш иш боюнча айып тагылган. Ал буга чейин 2010-жылдагы коогалаңга аралашып, соттолуп, 18 жылга кесилген. 2019-жылы эркиндикке чыгыптыр. Бул жаран Ош шаардык сотунун төрөгасы Бакыт Усубалиевдин кызматтык бөлмөсүнө иш убактысында келип, кирип жатат. Сотту териштирип жаткан сотко эмес, соттун төрагасына кирип, баарлашып чыгыптыр. Бул баарлашууну биз өзүнүн жазасын жеңилдетүү максатында кирип, сүйлөшүп чыккан деп эсептейбиз», — деди А.Ормокеев.

Өз кезегинде Ош облустук сотунун басма сөз катчысы Айпери Туратбек кызы айтылган дооматтарга жооп берди.

«Мыйзам боюнча, Ош шаардык сотунун төрагасынын жарандарды кабыл алуу графиги бар. Жарандарды кабыл алуу бардык эле соттордун төрагаларында бар. Анда төрага айыпталуучу, жабырлануучу деп бөлбөй, баарын кабыл алат. Төрага соттордун ишине кийлигише албайт»,- деди ал.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.

Досторуңуз менен бөлүшүңүз..........

KYRGYZCHA SITE