Пример HTML-страницы

67 жаштагы Бекмурат Айтымбетов студент болуп, тарыхты изилдеп жатат

Акыркы жанылыктар

TurmushБакай-Ата районунун Ак-Дөбө айылынын 67 жаштагы тургуну Бекмурат Айтымбетов учурда студент. Аймактык кабарчы аны менен таанышты.

Өзүнүн айтымында, учурунда турмуштук шартка байланыштуу окуй албай калган.

«Менин балалыгым согуштан кийинки кыйынчылык учурга туш келди. 10 бир тууган болуп чоңойдук. Мен үй-бүлөдө төртүнчү бала элем. Апам оорукчал болуп калып, мен жардам берип, 3-класска чейин гана окуп калгам. Кийин атайын жумуштан соң окугандардын окуусуна барып, Бишкектен Свердлов районунан 10-класстын аттестат алгам. Ошол учурда Краснодарга окууга жолдомо алып, апамдын абалына байланыштуу дагы бара албай койдум.

Аскерге барып келип эле, чабан болуп айылда калдым. Айылда кийин тракторист болуп иштедим. Биздин айылдын 70 пайызы немис улутундагы адамдар болчу. Ошолордун арасында чоңойдум.

Атам мыкты, билимдүү адам болгон. Ал киши дагы бизди коомго кошуп, кулагыбызга жакшы кептерди уятуп койгон. Ошондон улам жаш чагымдан китеп окуп, тарыхка абдан кызыкчумун.

Жаш чагымдан коомдук иштерге активдүү катышып келем. 2 жолу курултайга делегат болуп катыштым. Айылдык кеңеште депутат болуп жүрдүм. Айылда 2012-жылы айылдык кеңеште депутат болуп турдум.

Төө буурчакты өндүрүү, баасы боюнча Түркияга дипломатиялык жолугушууга делегат болуп барып, төө буурчакты өндүрүүдөгү түйшүк тууралуу, баасынын төмөн болуп жатканын доклад кылып, баасынын көтөрүлүшүнө салым кошуп келгем. Ошондо 23 сомдон алынган төө буурчактын баасы 2 эсе кымбаттап, элге бир топ пайда алып келген

Айылга жаштар үчүн окусун деп нотбук алдырганбыз. Интернет коштуруп, балдар ичинен китеп окушат. Ошондо депутаттарга дагы ноутбук алып беришти. Мурун китеп менен тарыхты изилдесем, ошондон тарта дүйнөлүк тарыхка басым жасап, тарыхый материалдарды интернет аркылуу изилдеп баштагам.

Ушуну менен токтоп калбайын деп отуруп ойлондум. Жаш чагымда кыялымды орундата албай калдым эле. Азыр кудайга шүгүр, ар бир балабыз жашоодо өз ордун тапты. Азыр дагы кеч эмес деп, 2019-жылы Талас мамлекеттик университетинин кесиптик орто билим берүү колледжинин юридикалык бөлүмүнө тапшырып, 2022-жылы аяктадым. 2022-жылы Бишкек шаарындагы И.Арабаев атындагы окуу жайдын тарых факультетине (сырттан окуу бөлүмүнө) тапшыргам. Мени менен неберемдей балдар окуп жатат. Анан тамашалап, «Мени тааныбай калбагыла. Биз менен окуду эле деп эстеп жүрсөңөр» деп күлүп калам. Экзамендерди биринчилерден болуп барып тапшырам. Эже-агайларым макташат.

Окуунун акчасын өзүм пенсиямдан төлөчүмүн. Жакында эле билим берүү министрлиги менен депутаттардын бири келди. Чогулушта туруп, «мага бюджет каралабы?» деп сурадым эле. Ал жерде дагы «Мага эч кандай кызмат кереги жок. Мен болгон билимимди балдарыма, келечек муунга таштап кетким келет» дедим. Ошондо тиешелүү жактарга байланышып туруп, «өзүңүздүн көз карашыңыз менен төлөйсүз» деп койду. Өлкө боюнча мендей улгайган 2 эле студент бар экен. Ошто 80 жашка келип калган дарыгер студент бар экен.

Жубайым Рахида Тыналиева экөөбүз 4 уул, 1 кыздын ата-энеси болдук. Жубайым мени ар дайым колдойт. Мен ушул жашка келгенче жубайым бир баштаган ишиме жок деген жок. Мага окуумдун акысына, жол киреме жетпей калганды уулдарым берет. Учурда уулдарым өздөрү менен өзү отурукташып, бизди таалайлуу карылыкка бөлөп жатканына бактылуумун», — деди ал.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.

Досторуңуз менен бөлүшүңүз..........

KYRGYZCHA SITE