Пример HTML-страницы

5 балалуу жалгыз бой эне Жангүл Ауелбекова социалдык келишим аркылуу киреше таап баштады

Акыркы жанылыктар

TurmushЧүй облусунун Москва районуна караштуу Беловодск айылынын 42 жаштагы тургуну Жангүл Ауелбекова социалдык келишим аркылуу тигүүчүлүк ишин баштап, айына 20 миң сомго чейин таап жатат. Аны менен аймактык кабарчы таанышты.

Жангүл Ауелбекова жалгыз бой эне, 5 баласы бар.

«Кээ бир учурларда жолдошум менен ажырашкан алгачкы жылдарда 5 баламды үйгө таштап, таңкы саат 04:00дөрдө талаа жумуштарына жөнөп, мээ кайнаткан ысыкта сабиз, пияз отогон күндөрүм эске түшөт. Жер тырмап, кечке 350-400 сом таап, үйгө келгенде буттарым чалыштап, балдарыма араң тамак жасоого жетишет элем. Ошентип, ар түрдүү талаа жумуштарында иштеп жүрүп, 2018-жылы Беловодск айылына көчүп келгем. Учурда 5 балам менен жашайм.

2023-жылы социалдык келишим менен 100 миң сом алдым. Ага 2 тигүү машинасын алып, мектеп окуучулары үчүн ар түрдүү формаларды, балдар үчүн кийимдерди тигип жатам. Ар жумада 5 миң сомдон, тактап айтканда айына 20 миң сомдон ашуун акча табам. Айрым учурда өзүм көнгөн талаа жумуштарына да чыгып, күнүнө 600-700 сомго иштейм. Деги, адам баласы кыймылдап, ар ишке жөндөмдүү болсо, жашоо шартын оңдоп, турмушка чыйралат экен. Мен өз жашоомдо ушуну тааныдым. Тынбай иштеп турсаң, акча да табылып, тамак- ашка, кийим-кечеге жетишет турбайбы? Ырас, алгач өкмөттөн үй-бүлөмө 100 миң берилгенде сүйүнүү менен чыйралуу кайрадан жанданды. Элге уят болбоо аракетинде күнү- түнү да иштеп келем. Мага окшогон үй-бүлөлөрдү жакырчылыктан чыгаруу, бакубат турмуш куруу максатында колдоо көрсөтүлгөн соң бирди эки, экинин төрт кылуу өз колубузда тура», — деди ал.

Ал өзгөчө аты тууралуу да айтып берди. Жангүл Ауелбекова 1982-жылдын 14-январында Казакстандын Тараз шаарында туулган.

«Атам казак, апам кыргыз. Алар 7 балалуу болушкан. Мен жалгыз кызмын. 3 бир тууганыбыз каза болуп, учурда төртөөбүз барбыз. Ар кимиси өз жашоосу менен алек. Атам Зеинахан 10 жыл мурда каза тапкан. Апам балдарынын, неберелеринин төрүндө. Ырамаатылык атам кесиби геолог болгондуктан мен 8 жашымда Ысык-Көлдүн Чолпон-Ата шаарына көчүп келгенбиз. Ал жерден 9-классты аяктаган соң Бишкек шаарына окууга келгем. Бирок, тагдыр мени билим алууга эмес, иштөөгө буйруду. Түрдүү жумуштарда иштеп жүргөн күндөрдө Кубанычбек аттуу көлдүк жигит менен таанышып, ага турмушка чыккам. Бирок жашоо ар кандай тура. 5-балам боюмда учурунда турмуш көйгөйүнөн улам экөөбүз эки жолго түшкөнбүз. Андан бери 5 жылга жакын убакыт өттү. Балдарым атасын эстен деле чыгарып койду окшойт. Кайда жүрсөм да жөжөлүү тооктой балдарымды ээрчитип, эл ичинде тарбиялап жатам. Буюрса алды 19 жашка толуп, бойго жетип, шаарда тигүүчү болуп иштеп жатат. Калгандары да катар жетилип, оорду колдон, жеңилди жерден алган учуру. Буюрса соцкелишимдин негизинде алынган тигүү машинабыз иштеп турса эле 100 миң сом миллиондорду жаратат деген ниетим бар.

Көпчүлүк «Эмнеге атың Жангүл?» деп сурай беришет. Чындыгында, анын түпкү маанисин деле билбейм. Бир билгеним казакча «Жан гүлүм» деген обондуу ыр бар эмеспи. Ошону көп угам. Жангүл менимче жан дүйнөнүн кооздугу, гүлү болсо керек», — деди ал.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.

Досторуңуз менен бөлүшүңүз..........

KYRGYZCHA SITE