Пример HTML-страницы

19 жаштагы бийчи Айжан гастролго чыгып, 4 жерде иштеп жатат (сүрөт)

Акыркы жанылыктар

TurmushЧүй облусунун Ысык-Ата районуна караштуу Кант шаарынын 19 жаштагы тургуну Айжан Рустамова 4 жашынан баштап бий менен алектенип келет. Ал азыр бийден сабак берип, 4 жерде эмгектенет. Аны менен аймактык кабарчы таанышты.

«Мен Кант шаарында туулуп-өскөм. Учурда Бүбүсара Бейшеналиева атындагы Кыргыз мамлекеттик маданият жана искусство университетинин хореография бөлүмүндө 2-курстун студентимин. Үй-бүлөдө эки бир туугандын улуусумун. Менден кичүү сиӊдим дагы бийге катышып келет.

Негизи мен бий менен кичинекей кезимден, тактап айтканда 4 жашымдан алектенем. Алгач чыгыш бийлери менен баштагам. Андан кийин, 11 жыл улуттук бийлерди үйрөндүм. 16 жашымда заманбап бийге кызыгып, өз алдынча үйрөнүп жүрдүм. 2018-жылы Айдана Деканын жетекчилиги астында концерттик курамга тандалгам. Быйыл Эрмек Керимбаев жетектеген “Жаңы муун” бий командасына кошулдум.

Негизи 3 жылдан бери хореграфиядан сабак берип иштейм. Буга чейин өзүмдүн бий тобум бар болчу, бирок карантин маалында жабылып калган. Университетке тапшыргандан кийин А.Тойтоев атындагы маданият үйүнө жумушка орноштум. 1-курста эле эки жумушта иштеп, өзүмдү камсыз кыла алдым. 2-курста өзүм бүтүргөн мектепке да жумушка орноштум. Учурда 4 жерде иштейм», — деди ал.

Жаш бийчи кыз «Бийлеген борбор», «Жаңы жылдыз», «Борбордук Азиядагы олимпиада» сыяктуу көптөгөн сынактарга катышып, 3 жолу республикалык сынакта биринчи орунду алган.

«Жашоом бий менен байланыштуу. Эң кызыктуу окуялар дайыма гастролдо болот. Тобубуз менен аймактарды, шаарларды кыдырып, эң кооз жерлерге күбө болуп келебиз.

Мен муну менен эле токтоп калбайм. Көрүнүктүү бийчилердин мастер-класстарына барып турам. Өзүмдү башка багытта өнүктүргөнгө да аракет кылам. Бош убактымда китеп окуйм. Чет элдик жазуучулардын романдарына кызыгам. Жыл сайын 10 китеп окууну максат кылып койчумун. Менин азыркы сүйүктүү жазуучум Кристина Старк болууда. Жаратылыштын кооздугуна суктанганды, спорт менен алектенгенди жакшы көрөм», — деди ал.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.

Досторуңуз менен бөлүшүңүз..........

KYRGYZCHA SITE