Пример HTML-страницы

Жыл башынан бери Ош шаарында 4 аял энелик укуктан ажыратылды

Акыркы жанылыктар

TurmushБүгүн, 11-ноябрда Ош шаарында «Балдарды катаал мамиледен жана зомбулуктан коргоо» аталышындагы улуттук форум өттү. Бул тууралуу аймактык кабарчы билдирди.

Иш-чарага эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министринин орун басары Жаңыл Алыбаева, Билим берүү жана илим министрлигинин башкы адиси Гүлшан Абдылдаева, Ош облусундагы акимдердин орун басарлары, кризистик борборлордун жетекчилери жана укук коргоо органдарынын өкүлдөрү катышты.

Форумда жашы жете электерге карата зордук-зомбулуктун алдын алууда социалдык коргоо башкармалыгы менен бирге тиешелүү адистер, мекемелер, укук коргоо органдары тыгыз иштешүүсү керектиги айтылды.

Иш-чаранын жүрүшүндө Ош шаардык эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция башкармалыгынын үй-бүлөнү, балдарды коргоо бөлүмүнүн башчысы Гүлзина Раева Ош шаарында үй-бүлөлүк зордук-зомбулукка кабылып, үйүнөн качып кеткен балдардын саны абдан көп болуп жатканын билдирди. Анын айтымында, балдары менен пикир келишпестикке кайра-кайра кабылган айрым ата-энелер балдарынан баш тарткан учурлар катталып жатат. Бүгүнкү күндө аталган бөлүмдүн кызматкерлери мындай кырдаалга туш болгон ата-энелер менен балдарга психологиялык, моралдык жана башка ар тараптуу жардам көргөзүүдө.

«14-15 жашка толгондо өткөөл куракка келип, туугандары менен келише албай, үйүнөн чыгып кеткендер көп. 14-15 жаштагы балдарынан баш тартып жатышат. Мындай учурда биз эмне кылабыз? Баласын уруп коюп жатышат. Балдарды «Ак жүрөк» кризистик борборуна алып барабыз. Ошондой эле мэриянын астында түзүлгөн үй-бүлөнү, балдарды коргоо борбору бар. Ал жакта психологдорго алып барып, консультация берип, үй-бүлөсүнө кайтарган учурлар болуп жатат. «Боорукердик» үй интернатына убактылуу жайгаштырып, ата-энеси менен сүйлөшүп, кайра үй-бүлөсүнө жөнөткөн фактылар бар», — деди ал.

Ата-энелик милдетин толук аткарбай жана сот жоопкерчилигине тартылып, энелик укуктан ажыратылгандар да кездешет. Быйыл жыл башынан бери Ош шаарында энелик укуктан төрт эне ажыратылды.

«Алар ичкиликке берилген, коомго терс жоруктарды жасаган фактылардын негизинде сот тарабынан энелик укуктан ажыратылып, балдарын асыроого өткөрүп бергенбиз. Алар 14 жашка чейинки балдар», — деди Гүлзина Раева.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.

Досторуңуз менен бөлүшүңүз..........

KYRGYZCHA SITE