Пример HTML-страницы

Жумгалдагы дыйкандар насыяга дан эгиндеринин үрөндөрүн алып башташты

Акыркы жанылыктар

TurmushНарын облусунун Жумгал районунда 2 жылдык мөөнөткө насыяга келген арпа, буудай үрөндөр таратылып жатат. Бул тууралуу райондук аградык өнүктүрүү бөлүмүнүн башчысы Талантбек Молдокеев билдирди.

Анын айтымында, дан эгиндеринин үрөндөрү Кыргызстан менен Россиянын ортосунда түзүлгөн келишимдин негизинде Айыл чарба министрлиги аркылуу келген.

Буудайдын 1 килограммы 45 сом 25 тыйын болсо, арпаныкы 47 сом 20 тыйын. Дыйкандар үрөндүн акчсанын 50 пайызын ушул жылдын ноябрь айында төгүп беришет. Ал эми калган пайызын келерки жылдын ноябрь айында төгө алышат.

«Учурда район аймагындагы 11 айыл өкмөткө жана «Чынар» үрөн чарбасы менен «Бакыт Дос» үрөн чарбасына бөлүнүп берилди. Дыйкандар банк аркылуу 2 жылга алып жатышат. «Дарья 1-реп» сортундагы буудай, ал эми «Мамлюк элита», «Мамлюк 1-реп» жана «Достойный элита» сортундагы арпа келди. Үрөндөр ар бир айыл өкмөттөрүнө жана үрөн чарбаларына түшүрүлүп берилген», — дейт Молдокеев.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.

Досторуңуз менен бөлүшүңүз..........

KYRGYZCHA SITE