Пример HTML-страницы

Жумгалда өсүмдүктөрдү ар кандай оорулардан жана зыянкечтерден сактоо боюнча семинарлар өтүп жатат

Акыркы жанылыктар

TurmushЖумгал районунун аймагында кылкандуу дан эгиндерден тарта мөмө-жемиштерге чейин сапаттуу түшүм алуу жана өсүмдүктөрдү зыянкечтерден дарылоо сыяктуу иштер жүрүп жатат. Бул тууралуу жеке агроном Камчыбек Абдыраимов билдирди.

Анын айтымында, бүгүнкү күндө жеке агрономдор жер-жерлерде өсүмдүктөрдү ар кандай оорулардан жана зыянкечтерден сактоо боюнча семинарларды өткөрүп жатышат. Бул жолу райондун Көк-Ой айылында өтүп, ага жергиликтүү дыйкан, фермерлер катышты.

Чаек айылынын тургуну Азатбек Абдылдаев акыркы 4 жылдан бери жер кыртышын жакшыртуу жана семиртүү максатында таза органикалык жер семирткич өндүрөт. Ал бүгүнкү семинарга электр энергиясы менен колдонуучу электи жасап, аны менен малдын кыгынан сөөлжандарды бөлүп алып, биогомус өндүрүп жатат.

«Өсүмдүктөрдү жана мөмө берүүчү бак-дарактарды өз убагында зыянкечтерден арылтып жана дарылап туруу барыбызга пайда алып келет. Жер-жерлерде өсүмдүктөрдү туура өстүрүп, мезгил-мезгили менен ар кандай оорулардан сактап, зыянкечтерден арылтуу туурасында семинарлар элге керек. Мен да биогомус туурасында түшүндүрмө берип жатам»,- деди Абдылдаев.

Өсүмдүктөрдүн химиялаштыруу, коргоо жана карантин департаментинин Нарын облустук башкармалыгынын башчысынын орун басары Нарынбек Керимкулов: «Дыйкандар аябай кызыгып жатат. Биз мүмкүн болушунча элдин арасында болгонго аракет кылып жатабыз. Себеби элге көп маалымат жетпейт. Биз жеринен практикалык түрдө кол менен кармап көрсөтүп беребиз. Семинарда канча дары чачуу керектигинен тарта канча кызмат көрсөтө аларына чейин көрсөтөбүз», — деди ал.

Ал эми Камчыбек Абдраимов Жумгал районунун аймагында 1992-жылдан бери жеке агроном кызматын аркалайт. Учурда ал район аймагындагы өсүмдүктөрдүн жана мөмө берүүчү бак-дарактардын зыянкечтерин арылтуу менен алек.

«Бул жылы дыйкандарга жардам берүүдөн тышкары, карагаттардын жаңы көчөттөрүн алып келип, элге тараттым. Аны менен катар кулпунай менен малинанын питомнигин уюштурууга жетиштик. Жыл өткөн сайын дыйкандардын агрономдорго болгон суроо-талаптары жогору. Жаз алды менен ушул алма бактарды бутап, иретке келтирүү иштери жүргүзүлдү. 4852 түп мөмө-жемиш бактарын бутоодон өткөрдүк. Азыркы учурда алма бактарды зыянкечтерге каршы дарылоо иштерин жүргүзүп жатабыз», — деди ал.

Бүгүнкү күндө Нарын облусунун аймагында 70 жеке​ агроном элге​ кызмат көрсөтүшөт. Алардын бардыгы атайын окуудан өтүп, тийиштүү сертификаттарга ээ болгондор. Кызмат көрсөтүү акысы алма дарагынын 1 түбүнө​ 120-150 сомго чейин болсо, жашылча-жемиштерге баа ар тараптуу. Бирок ошого карабай, жергиликтүү тургундардын кайрылуусу арбын.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.

Досторуңуз менен бөлүшүңүз..........

KYRGYZCHA SITE