Пример HTML-страницы

Жогорку Кеңештин мурунку депутаты Өмүрбек Бакировдун иши тергелип бүттү

Акыркы жанылыктар

TurmushЖогорку Кеңештин мурдагы депутаты Өмүрбек Бакировдун кылмыш иши боюнча тергөө иш-чаралары аяктады. Бул тууралуу Turmush басылмасына анын жактоочусу Назгүл Сүйүнбаева билдирди.

Анын айтымында, Ош облустук ички иштер башкармалыгынын тергөө кызматында сурак иштери аяктап, айыбы угузулуп, иш сотко өтмөй болду. Бакировдун иши облустук прокуратурага жөнөтүлдү.

«Учурда прокуратура ишти кайсы сотко жөнөтөрүн күтүп жатабыз», — деди Сүйүнбаева.

—————————————————

Буга чейин Turmush басылмасына жактоочу Назгүл Сүйүнбаева мурунку депутат эмне үчүн Ош ОИИБге суракка чакырылганын айтып берген.

«2020-жылдагы шайлоодо добуш сатып алуу боюнча Бакировго айып угузулуп, учурда тергөө жүрүп жатат. Коюлган айыптарды негизсиз деп эсептейбиз. Иште өтүп жаткан фигуранттар менен Бакировдун эч кандай байланышы жок. Аларды тааныбайт, алар менен эч кандай мамиледе болгон эмес», — деген Сүйүнбаева.

Ал эми Ош ОИИБдин басма сөз кызматы бул боюнча тергөө маалымат бергенден кийин толук маалымат берилерин билдирген болчу.

КР Кылмыш-жаза кодексинин 196-беренеси. Шайлоочулардын добуштарын сатып алуу

1. Шайлоо өткөрүү мезгилинде акчалай каражаттарды берүү же болбосо таратуу, материалдык баалуулуктарды тапшыруу же кандайдыр-бир кызматты же башка байгерчиликти алууга көмөктөшүү жолу менен шайлоочулардын добуштарын сатып алуу, ошого тете эл алдында аларга убада берүү — 500дөн 1000 эсептик көрсөткүчтөргө чейин айып салууга жазаланат.

2. Кыргыз Республикасынын Президенттигине, Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин же жергиликтүү кеңештин депутаттыгына, мамлекеттик бийликтин шайлануучу башка органдарына жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарына талапкер, ошого тете талапкердин жубайы, жакын туугандары жана алардын ыйгарым укуктуу өкүлдөрү, ишенимдүү адамдары тарабынан жасалган ошол эле жосун — 1000ден 2000 эсептик көрсөткүчтөргө чейин айып салууга же беш жылга чейинки мөөнөткө эркиндигинен ажыратууга жазаланат.

—————————————————

2023-жылдын 26-авгусунда Борбордук шайлоо комиссиясы №4 Көк-Жар шайлоо округу боюнча Жогорку Кеңештин депутаттыгына талапкер Өмүрбек Бакировду каттоону жокко чыгарган. БШК мындай чечимди сот чечимдеринин негизинде кабыл алды.

Борбордук шайлоо комиссиясынын жыйынында токтомдун долбоору кабыл алынып, анда:

— Бакиров Өмүрбек Мирзараимовичти Жогорку Кеңештин депутаттыгына каттоо жөнүндө БШКнын 2021-жылдын 27-декабрындагы чечимин жокко чыгаруу;

— Өмүрбек Бакировго берилген күбөлүктү жараксыз деп табуу чечими кабыл алынган.

«Көк-Жар району боюнча Жогорку Кеңештин депутатын шайлоо өттү деп таануу, Өмүрбек Бакировду бул округдан шайланган депутат деп таануу жөнүндө БШКнын чечимдери соттор тарабынан жокко чыгарылды», — деп билдирген БШКнын төрайымы Нуржан Шайлдабекова.

Көк-Жар округу боюнча Жогорку Кеңештин депутатын шайлоону өткөн жок деп таануу жөнүндө чечим кабыл алуу боюнча тиешелүү органдарга кайрылуулар жөнөтүлгөн. Жооп алынгандан кийин шайлоонун жыйынтыгы боюнча чечим кабыл алынат. Буга карата Борбордук шайлоо комиссиясынын 12 мүчөсү «макул» деп добуш берген.

18-августта Жогорку сот Көк-Жар округу боюнча шайлоонун жыйынтыгын жокко чыгаруу боюнча Бишкек шаардык сотунун 26-июлдагы чечимин күчүндө калтырды.

Сот БШКнын төмөнкү чечимдерин жокко чыгарды:

— Көк-Жар районундагы ЖК депутаттыгына шайлоону өттү деп таануу жөнүндө;

— Бакиров Өмүрбек Мирзараимовичти №4 Көк-Жар шайлоо округу боюнча Жогорку Кеңештин депутаты деп таануу жөнүндө.

Бакиров 2021-жылдын декабрынан бери Жогорку Кеңештин депутаты болчу.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.

Досторуңуз менен бөлүшүңүз..........

KYRGYZCHA SITE