Пример HTML-страницы

Жаш жигит өмүрүн абакта өткөрөт

Акыркы жанылыктар

TurmushЖогорку сот 22 жаштагы Медияна Талантбекованын өлүмүнө айыпталган жигитти өмүр бою эркинен ажыратты. Тиешелүү чечим бүгүн, 1-февралда кабыл алынды.

Turmush басылмасына маалым болгондой, Жогорку сот Ош облустук сотунун өкүмүн күчүндө калтырды.

Буга чейин 24-январда Жогорку сотто өтө турган отурум айыпталуучунун жактоочусу ооруп калгандыгына байланыштуу 1-февралга жылдырылганы маалымдалган.

Жогорку сотко айыпталуучунун жактоочусу даттануу келтирген. Ал Ош облустук сотунун 2022-жылдын 30-сентябрындагы өкүмүн жокко чыгарып, Кара-Суу райондук сотунун 2022-жылдын 28-июлундагы өкүмүн өзгөртүүнү сураган. Тактап айтканда, айыпталуучунун иш аракетин Кылмыш-жаза кодексинин 122-беренесинин 1-бөлүгүнө (адам өлтүрүү) квалификациялап, аталган берене боюнча каралган жазаны белгилөөнү суранган.

————————————————

Кара-Суу райондук сотунун 2022-жылдын 28-июлундагы өкүмүнүн негизинде айыпталуучу Н.А. Кылмыш-Жаза кодексинин 122-беренесинин 2-бөлүмүнүн 2-7-пункттары (кош бойлуу аялды өзгөчө мыкаачылык менен өлтүрүү) менен күнөөлүү деп табылып, үй мүлкүн конфискациялоо менен 15 (он беш) жылга эркиндигинен ажыратылган.

2022-жылы 30-сентябрда Ош облустук сотунун соттук коллегиясы медицина факультетинин студенти — 22 жаштагы Медияна Талантбекованын өлүмүнө айыпталган жигитке карата чыгарылган өкүмдү өзгөрткөн.

Айыпталуучу Н.А. Кылмыш-Жаза кодексинин 122-беренесинин 2-бөлүмүнүн 2-7-пункттары (кош бойлуу аялды өзгөчө мыкаачылык менен өлтүрүү) менен күнөөлүү деп табылып, өмүр бою эркиндигинен ажыратылган.

————————————————

Жабырлануучу тараптын жактоочусу Динара Турдуматованын айтымында, Кара-Суу райондук соту айыпталуучунун жашын, тергөөгө өзү келгенин эске алып, өкүм чыгарган.

Жаш жигит сүйлөшкөн кызы Медиянаны эмне үчүн өлтүргөнүн айтты. Анын акыркы сөзү

Жактоочу жана маркумдун мыйзамдуу өкүлдөрү Кара-Суу райондук сотунун чечимин жокко чыгарып, айыпталуучуну өмүр бою эркинен ажыратып берүүнү суранып, Ош облустук сотуна апелляциялык даттануу келтирген. Ошондой эле алар нааразычылык билдирип, Кара-Суу райондук сотунун алдына чогулушкан.

———————————————————

Ош шаардык ички иштер башкармалыгы 2022-жылы 8-февраль күнү Кара-Суу районунун Ишкаван айылындагы үйлөрдүн биринен 22 жаштагы кыздын сөөгү табылгандыгын кабарлаган. Кыздын өлүмүнө шектүү катары Ош мамлекеттик университетинин 24 жаштагы студенти кармалган. Шектүү алгачкы көрсөтмөсүндө өлтүрүлгөн кыз менен кыз-жигит мамиледе болгондугун айткан.

Милицияга Ош шаарына караштуу Кеңеш айылынын тургуну арыз менен кайрылып, 2000-жылы туулган кызы 2022-жылы 30-январда саат 09:00 чамасында үйдөн окуу жайга баруу үчүн чыгып кеткен боюнча дайынсыз болуп жатканын билдирген. Дайынсыз жоголгон кызды табуу боюнча тергөө тапшырмалары берилип, тиешелүү багыттамалар бардык аймактарга жиберилген. Окуя боюнча күбө катары дайынсыз жоголгон кыздын жакындары, тааныштары суралган.

«2022-жылдын 30-январында саат 10:00 чамасында сүйлөшүп жүргөн кызым Т.М. менен жолугуп, аны менен өзүм жашаган үйгө келдик. Анан ошол жерде экөөбүз сүйлөшүп отуруп, чырдашып кетип, урушуп кеттик. Ошондо менин ачуум келип, аны үйдөгү аш бычак менен сайгылап өлтүрүп салдым. Андан соң анын өлүгүн үйдүн жанына көмүп, сырткы кышкы кийимдерин, сумкасын сыртта жайгашкан ажатканага ыргытып жибердим. Анан ошол күнү окууга бардым да, эртеси 31-январда Өзбекстандын аймагына өтүп, ошол жактан Россияга учуп кеттим», — деп көсрөтмө берген шектүү.

Шектүүнүн көрсөтмөсүнүн негизинде 8-февраль күнү саат 18:00 чамасында Кара-Суу районунун Кызыл-Кыштак айыл аймагына караштуу Ишкаван айылындагы үйдүн короосуна кароо жүрүзүлүп, үйдүн түндүк тарабы менен короонун дубалынын ортосунан болжол менен 35-40 сантиметр тереңдикте казылган чуңкурда дайынсыз жоголгон кыздын жансыз денеси казылып алынган. Өлүк дене ташталган чуңкур топурак менен көмүлүп, үстүнөн курулуш материалдардын таштандылары менен жашырылган абалда болгон. Шектүү өлүктү көмгөн жерди жактоочунун катышуусунда көрсөтүп берген. Өлүктү кароо учурунда анын денесинин үстүңкү бөлүгүндө 9 даана курч миздүү буюмдан келтирилген дене жаракаттары бар экендиги аныкталган.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.

Досторуңуз менен бөлүшүңүз..........

KYRGYZCHA SITE