Пример HTML-страницы

Жаныбарлардын түрү тизилген Кара-Кулжадагы өзгөчө музей

Акыркы жанылыктар

TurmushОш облусунун Кара-Кулжа районунун Кара-Кулжа айыл өкмөтүндө жайгашкан Кулун-Ата жаратылыш корук музейинде Кыргызстандагы жаныбарлардын, канаттуулардын, өсүмдүктөрдүн түрү катырылып сакталган. Алардын баарын топтоо, жасатуу, уюштуруу иштерине музей директору Асан Боромбаев 8 жыл коротту. Учурда ал музейди дагы да толтуруу менен алек. Turmush басылмасынын кабарчысы музей тууралуу маалымат топтоп келди.

Музейде сүт эмүүчүлөрдүн 32, канаттуулардын 77, бүркүттүн 12, үкүнүн 4, өрдөктүн 25 түрү бар. Ошондой эле өсүмдүктөрдүн 500дөн ашуун түрү катырылып сакталган. Булардын ар биринин артында түмөн түйшүк, жумуш, эмгек бар экенин Асан Боромбаев айтып берди.

«Мен Киевдеги айыл чарба академиясынын токой чарба факультетин окуп бүтүргөм. Академияда музей бар эле, ошону көрүп жүрүп, келечекте өзүмдүн районума музей курууну ойлоп койгом. Академияны бүтүп келген соң 2 жыл Өзгөн токой чарбасында инженер болуп иштедим. 1975-жылы Кара-Кулжа токойчулугун уюштургам. Бир-эки жетекчи идеямды колдоп, совхоз союзунан 600 гектар жерди жаңгак эккенге бөлдүрүп алдым. Кара-Кулжа совхозунан да 400 гектар жерди бөлдүрүп, биринчи көчөттү ошондо эккенбиз. Совхоздо иштегендер «жаңгактын кереги жок, жайыттын баарын ээлеп алды» деп көбү каршы болушту. Эми азыр кайра менден кечирим сурап, жаңгак терип жүрүшөт. Кара-Кулжа токойчулугун уюштургандан бери миң гектар жерге 15 жыл Арсланбаптан көчөт ташыдым. Азыр элге ижарага бердик. 76дай адам үй-бүлөсүн багып жатат.

Андан кийин жайытты кыдырып жүрүп, мурда өзбекстандыктар пайдаланып жүргөн, кийин пайдаланылбай калган жайытты корук кылуу идеясы келди. Себеби ал жердеги жапайы кийиктерди мергенчилердин кеңири атып жүргөнүн көрүп, келечек муундарга калбай калат деп ичим ачышты. 2004-жылы корук уюштуруп баштадым. Бирок эл каршы чыгып, жайыттарды басып алды деп, президентке чейин жазып жүрүштү. Аймакты корукка алгандан кийин жапайы кулжа, текелер миңге жакын көбөйдү. Аюу беш-алтоо болсо, азыр отуздан ашып, айылга келе баштады. Канаттуулар да көбөйүп, жайыла баштады», — деди ал.

Асан Боромбаевдин жаратылыш музейин көргөн облус жетекчилери эмгегин баалап, буга чейин 3 жолу биринчи даражадагы «Манас» орденине көрсөтүшкөн. Бирок документтери каралбай, кайра кайтарылып берилгенин айтат.

«Негизинен эмгегимди окумуштуулар, илимпоздор, мугалимдер баалайт», — деген жетекчи музейдеги ар бир жаныбар кайсы жактан, качан атылып келингенин, канча адамдын эмгеги бар экенин, эмгектин артындагы кыйынчылыктар жана каражат маселеси боюнча төмөнкүлөрдү айтты.

«Бул музей жайгашкан имарат басмаканага тиешелүү болчу. Менчикке өтүп кеткенден кийин өкмөткө музей курайын деп кат жазсам, идеямды колдоп, баланстан чыгарып берди. Долбоор жазып, 7 млн сомго оңдоп-түзөөдөн өткөрдүм. Ондой мамлекетке барып, музейлерин көрүп, идея алып келдим дагы жаныбарларды айнек рамкага салдырдым. Себеби адамдар келген сайын майда жандыктар, чымын-чиркейлер кирип, терини бузуп салат. Жарык жерде тунук көрүнүүсү үчүн атайын эң жогорку сапаттагы айнектерди алдырттык. Ошондой эле айнектердин ичине жарыктандыруу орнотуу иштерин жүргүздүк. Анча-мынча майда каражаттарга өкмөт акча бөлбөйт, көбүчнө жанымдан эле каражат коротуп жаттым», — деген жетекчи үч бөлмөдөн турган музейди заманбап деңгээлде жасалгалаган.

«Жаныбарларды жөн эле алып келип, катырып койгондой, оңой көрүнгөнү менен ар бир жаныбардын артында адистер иштейт. Алгач мергенчи жалдап аттырабыз, ага да убакыт керек. Өзүнчө ок-дарысы бар, аны беребиз, жөнөкөй ок жарабайт. Атууга уруксат кагазын алабыз. Бир жаныбар атууга 1 ай, 6 ай, керек болсо жылдап убакыт кетет. Жапайы жаныбарды каалаганда барып ата албайсың. Атылган соң ичин тазалатып, Бишкекке таксидермистке жиберебиз. Алар атайын аралашманы куюп, «бул жери окшошпой калды, арык болуп калды» деп отуруп, 6-7 айда бүтүрөт экен. Убагында жеткирбесең териси ирип кетет. Канаттуулар назик, алар бат эле ирип кеткендиктен, беш-алтыны эле атабыз. Ошонун арасынан бирөөсүн тандап алат. Чоң жаныбарга караганда канаттуулардын түйшүгү кыйын. Жасатып бүтүп, чоң кутуларга салып, сынып калбагыдай кылып алып келгенче кыжаалат болуп келебиз. Эл чөөнү сурап калгандыктан аны таап, аттырып, таксидермистке жиберсек ыйлайт. «Анын ичи ажатканадан да сасык экен» деп жүрүп араң жасап берди.

Бир жолу бир аксакал улар көрө элек экенин айтып келди. Айнекти ачып көрсөтсөм, колун тийгизип, көзүнө сүртүп, аябай ырахаттанды. Жөң коюңуз десем болбой, «пенсиямдан» деп 500 сом карматып кетти. Өзүм да эртең менен жумушка келгенде музейге кирип, бир сыйра аралап, сыймыктанам. Кылган ишимден ырахат алып, чыгармачылык менен жасайм. Таштарды, дарак дүмүрлөрүн атайын алып келип жасатып, жаратылыш корук зонасынын сүрөтүн тарттыргам», — дейт А.Боромбаев.

  • Таксидермист — жаныбарлардын терисинен алардын сөлөкөтүн жасаган адис.

Ал эми өсүмдүктөрдү беш мугалим жалдап, тоодо бир ай багып, тердирген. Ар бир чөпкө 300 сомдон төлөп берген. Өсүмдүктү сүрөткө тартып, качан, кайдан, ким тергенин үч тилде жазып кургатышкан. Учурда көпөлөктүн жана жыландын түрлөрүн чогултуу үчүн эки чоң орун даярдап койду. Ошондой эле эң чоң текени аттырып, музейге коюуга даярдап жатышат.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.

Досторуңуз менен бөлүшүңүз..........

KYRGYZCHA SITE