Пример HTML-страницы

Жалал-Абаддагы бизнес форумга чет өлкөлөрдөн инвесторлор келди

Акыркы жанылыктар

TurmushЖалал-Абад шаарында «Энергиянын кайра жаралуучу булактарын киргизүү — Жалал-Абад облусунда туруктуу жашыл туризмди өнүктүрүү» аталышындагы эл аралык бизнес форуму өтүп жатат. Бул тууралуу Turmush басылмасынын кабарчысы билдирди.

Иш-чарага Россия Федерациясынын президентинин аппаратынын аймактар аралык жана чет мамлекеттер менен маданий байланыштар боюнча орун басары Антон Рыбаков, Өзбекстан Республикасынын Наманган облусунун губернатору Шавкат Абдразаков жана Андижан, Фергана облусунан делегациялары келди. Конокторду министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары Бакыт Төрөбаев, президенттин Жалал-Абад облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Абсаттар Сыргабаев баштаган бийлик өкүлдөрү тосуп алды.

Форумдун алкагында Өзбекстандын Наманган облусунун район акимдери менен Жалал-Абад облусундагы акимдер эки тараптуу өз ара кызматташуу боюнча бир катар келишимдерге кол коюшту.

Президенттин Жалал-Абад облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Абсаттар Сыргабаевдин айтымында, форумга онго жакын мамлекеттин өкүлдөрү катышууда. Жашыл туризм, энергетика боюнча иш алып баруу багытына басым жасалууда. Коншу өлкөдөн келген инвесторлор менен туризм боюнча, анын ичинде кытай инвесторлору менен чакан ГЭС куруу боюнча сүйлөшүү жүрүүдө.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.

Досторуңуз менен бөлүшүңүз..........

KYRGYZCHA SITE