Пример HTML-страницы

Жалал-Абадда милициянын жетекчилери чуркап, ок атып, күжүрмөн даярдыгын көрсөтүштү

Акыркы жанылыктар

Turmush17-20-июнь күндөрү Жалал-Абад ОИИБдин жана ШИИБдин, аймактык милиция бөлүмчөлөрүнүн башчыларынын күжүрмөн жана кесиптик даярдыктары текшерелди. Бул тууралуу ОИИБдин басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка караганда, бул иш-чара ИИМдин «Мезгилдүү текшерүүнү уюштуруу жөнүндө» тескемесине карата уюштурулду.

«ИИМдин өздүк курамдын кесиптик даярдыгын уюштуруу жана дене тарбиялык даярдыгы боюнча буйруктарына ылайык, ИИМден келген комиссия жетекчилик курамдын теориялык билими текшерди. Алардан 3000 метр аралыкка чуркоо, турнике тартынуу, самбо ыкмалары, 700 гр. гранатаны ыргытуу, 9 мм тапанчадан ок атуу боюнча атайын чегеримдер (зачет) алынды. Жалал-Абад ОИИБдин жетекчилик курамы бул чегеримдерди канааттандырарлык деген баага тапшырды. Ал эми ИИМден келген комиссия мүчөлөрү өз убагында бул багытта иш-чараларды уюштурууну жакшыртуу боюнча көрсөтмөлөрдү берип, методикалык жардам көрсөтүштү», — деп айтылат маалыматта.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.

Досторуңуз менен бөлүшүңүз..........

KYRGYZCHA SITE