Пример HTML-страницы

Жалал-Абадда эки милиция кызматкери каза болду. Алардын өлүмүнүн себеби айтылды

Акыркы жанылыктар

TurmushЖалал-Абад облусунда 2 милиция кызматкери каза болду. Бири жол кырсыктан каза тапса, экинчиси оорудан улам көз жумган.

Жалал-Абад облустук ички иштер башкармалыгынын басма сөз кызматы Turmush баслмасына тастыктаган маалымат боюнча, 2023-жылдын 28-мартында саат 05:40 чамасында Ала-Бука аймактык ооруканасынын жандандыруу бөлүмүнүн дарыгери телефон аркылуу Ала-Бука РИИБдин 102 кызматына телефон чалып, бейтап каза болгону тууралуу маалымат берген. Териштирүүдө маркум Ала-Бука РИИБдин экстремизмге жана мыйзамсыз миграцияга каршы аракеттенүү кызматынын ыйгарым укуктуу ыкчам кызматкери, милициянын капитаны — 1983-жылы туулган Д.И. экени белгилүү болгон. Кызматкер кант диабети дартынан каза тапканы кабарланган.

Аталган факты Ала-Бука РИИБдин маалыматтардын электрондук журналына катталып, каза болгонунун себептерин аныктоо максатында экспертизалар дайындалды.

Каза болгон кызматкер 2023-жылдын 27-март күнү «Нелегал» операциясын жүргүзүү учурунда Ала-Бука району менен чектешкен Өзбекстан Республикасынын чек арасында болжол менен саат 20:00 чамасында аткезчилик фактысын аныктап, РИИБдин маалыматтардын электрондук каттоо журналына катташкан. Кызмат ордунда кызмат өтөп жатып, өзүн жаман сезип, жүрөгү ооруп жаткандыгын жанындагы кызматкерге билдирген. Саат 22:00 чамаларда үйүнө барып, дары ичип, кыйналып, кусуп жаткандыктан тез жардам кызматы менен ооруканага жеткирилген.

Маркум Аксы районунун Үч-Коргон айылынын тургуну болчу. Үй-бүлөлүү, артында 4 баласы калды. Ички иштер органдарында 2004-жылдан тартып кызмат өтөп келген.

Ал эми экинчи милиция кызматкери 2023-жылдын 6-апрелинде саат 16:00 чамасында Бишкек—Ош унаа жолунун 380-чакырымында жол кырсыкка кабылып, каза тапты. Маркум Сузак районунун Атабеков айыл аймагынын тургуну, Жалал-Абад ШИИБдин Курманбек шаардык милиция бөлүмчөсүнүн нөөмөткердин жардамчысы, милициянын старшинасы — 1986-жылы туулган У.К. аттуу кызматкер болгон. Ал өзүнүн «Фольксваген Вента» үлгүсүндөгү автоунаасын Ош багытын көздөй башкарып барып жатып, чукул бурулуштан унаасынын башкаруусун жоготуп, жолдон чыгып кетип, жол четиндеги даракты сүзүп, жол кырсыгына кабылган. Кырсыктын кесепетинен У.К. жаракат алып, окуя болгон жерде унаасынын ичинде мерт кеткен.

Буга чейин Turmush Бишкек—Ош жолунда катталган жол кырсыгынын кесепетинен милиция кызматкери каза болгонун жазган.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.

Досторуңуз менен бөлүшүңүз..........

KYRGYZCHA SITE