Пример HTML-страницы

Жалал-Абадда 3,5 гектарды жерди ээлеген унаа базар кеңейтилет

Акыркы жанылыктар

TurmushЖалал-Абад шаарындагы муниципиалдык унаа базар быйыл жайында кеңейтилип, кошумча оңдоо жумуштары жүргүзүлөт. Бул тууралуу Turmush басылмасына шаардык мэриядан билдиришти.

Маалым болгондой, 2200 орунга ылайыкташкан унаа базарда жаан-чачындуу күндөрү суу каптап, андагы адамдарга ыңгайсыздыктарды жаратат.

Жергиликтүү кеңештин депутаты Зарылбек Салиев унаа базарды кеңейтүүгө да зарылчылык күч экенин айтып, буларга токтолду.

«Депутаттардан куралган жумушчу топ буга чейин бейшемби күндөрү шаарда болчу унаа базарга барып, ал жердеги абал менен таанышып кайттык. Шаар бюджетине жылына миллиондогон каражаттарды түшүргөн бул базардагы айрым шарттар бизди канаатандырган жок. Себеб унаа базардын айрым бөлүктөрү жаандан кийинки сууга толуп кетиптир, мындан сырткары негизги бир гана шлагбаум иштеп, анда да кирип чыгуу үчүн кезек күткөн аларман, сатармандар көп экен. Биз барган учурда базардын ичине унаа батпай айрымдар көчөдө эле соодалашып жаткандарын көрдүк. Мындан улам ал жерди бир аз тегиздеп, суу көлчүк болуп кала тургандай эмес кылып, кошумча шлагбаумдарды ишке киргизип, базарды кеңейтишибиз керек экен», — деди ал.

Калаа башсысы Эрнисбек Ормоков чындыгында шаар казынасына муниципиалдык унаа базардан көп каражат түшөрүн ырастап, быйыл оңдолуп кеңейтүү жумуштары жүрөрүн айтты.

«Күз-кыш мезгили учурунда унаа алып саткандардын сезону болот экен. Жайында бир аз соода соолгундап калган учурда базарды күн батыш тарабынан бир аз кеңейтип, кошумча шлагбаумдарды орнотуу планыбыз бар. Жаан-чачындан кийин көлмө болуп калганы ырас. Быйыл жайда каражат бөлүп, оңдоп-түзөө жумуштарын жүргүзөбүз», — деди ал.

2023-жылы аталган муниципиалдык унаа базардан түшкөн кирешенин планы 8 млн 800 миң сом болсо, аткарылганы 9 млн 355миң 9 сомду түзгөн. Мындан улам быйылкы жылга бекитилген план 11 млн сом түзгөн.

Унаа базар 2021-жылдын март айында курулуп, пайдаланууга берилген. 2200 унаага ылайыкташтырылган базардын жалпы аянты 3,5 гектарды түзөт. Ал калаанын Спутник кичи шаарчасында жайгашкан. Анын курулушуна жергиликтүү бюджеттен 10 млн сом акча жумшалган.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.

Досторуңуз менен бөлүшүңүз..........

KYRGYZCHA SITE