Пример HTML-страницы

Жалал-Абад шаарындагы абак жыл аягына чейин башка жерге көчүрүлөт

Акыркы жанылыктар

TurmushЖалал-Абад шаарындагы абак шаар четине жылдырылат. Бул тууралуу президенттин Жалал-Абад облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Абсаттар Сыргабаев билдирди.

Анын айтымында, шаар ичинде жайгашкан Юстиция министрлигинин жазаларды аткаруу кызматынын №10 мекемесин калаадан сыртка которуу боюнча акча маселеси чечилген.

«Биз түрмөнү жылдырууга Аксы районуна караштуу Кызыл-Жар айылынан 8 гектар, Базар-Коргон районуна караштуу Бешик-Жон айыл өкмөтүнөн 8 гектар жер көрсөткөнбүз. Базар-Коргондон көрсөтүлгөн жерге макул болуп жатышат. Себеби андагы кызматкерлер үчүн салынган турак жай шаар ичинде жайгашкан. Кызматкерлердин шаардан барып-келип иштөөсүнө ыңгайлуулугу бар экен. Жыл аягына чейин шаар сыртына чыгары күтүлүүдө», — дейт ыйгарымдуу өкүл.

Белгилүү болгондой, Бешик-Жон айыл аймагына караштуу Сары-Талаа участкасынан 8,5 гектар жер тилкеси бөлүнүп берилет. Анын 6 гектарын айдоо, 2,5 гектарын жайыт жер түзөт. Бул иш боюнча тиешелүү кызматтар иш алып барып жатат.

Абакка берилип жаткан жер Жалал-Абад шаарынан 25-30 чакырым, район борборунан 15 чакырым алыстыкта жайгашкан. Шаардагы абак 6 гектар 80 сотых жерди ээлейт.

Жалал-Абад шаарынын биринчи вице-мэри Азамат Раматиллаевдин айтымында, эгер абактын имараты шаар мэриясына өтсө, келечекте заманбап имараттарды куруу планы бар.

«Абак жайгашкан жер биздин же муниципалдык жер эмес, мамлекеттин жери. Бирок шаардын аймагында турат. Келечекте бизге өтсө жаңы инновациялык комплекс түшөт. Башкача айтканда, жаңы түрдөгү көп кабаттуу үйлөр, мектеп, бала бакчасы менен курулат. Ушундай планыбыз бар», — деди ал.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.

Досторуңуз менен бөлүшүңүз..........

KYRGYZCHA SITE