Пример HTML-страницы

Жалал-Абад шаарындагы 6 тургун жер тилкесине кызыл китеп алды

Акыркы жанылыктар

TurmushЖалал-Абад шаарында 6 жаранга жерге ээлик кылуу үчүн токтомдор чыгып, мамлекеттик актылар жасалып берилди. Бул тууралуу Turmush басылмасына Айыл чарба министрлигине караштуу Жер ресурстары кызматынын Жалал-Абад филиалынын жер кадастры жана каттоо бөлүмүнүн башчысы Акинай Абдыкадырова билдирди.

Анын айтымында, ушул тапта дагы 4 жарандан арыздары келип түштү. Алардын жеринин мамлекеттик актылары даярдалып жатат.

«Баарыбызга белгилүү болгондой, 2022-жылдын 31-майында Министрлер кабинетинин № 291 «Жер мунапысын жүргүзүүнүн тартиби» жөнүндө жобосу иштелип чыккан. Анын негизиде Жалал-Абад шаарында 140 гектар жер мунапыска туш келгени, алар жалпысынан калаадагы 32 контурда жайгашканы аныкталган.

2002-жылы Жалал-Абад шаарынын админстративдик аймагы бекитилгенде канаттуулар фабрикасы участкасы да шаар аймагына караган. Бирок 2005-жылы Сузак районунун Кызыл-Туу айыл аймагынын ошол кездеги жетекчилиги сөз болуп жаткан участкадагы 7 гектар жер тилкесин өз билемдик менен 8 сотыхтан турак жай куруу үчүн жарандарга берип жиберген. Мындан улам бул участканын жашоочулары 18 жылдан бери укуктук тастыктоочу документтери туура эмес болгондугуна байланыштуу Мамлекеттик каттоодон өткөрүүгө мүмкүнчүлүк болгон эмес. Мындай көрүнүш каттоого турууга, мектеп, бала бакчага жазылууда маселе жаратып келген. Бүгүнкү күндө мында жалпысынан 81 жер тилкеси бар. Азыркы тапта сөз болуп жаткан жерге мунапыс берилип, жашоочулардын документтерин даярдоо аракети көрүлүп жатат. Мындан ары бул жерде жашаган жарандар мамлекеттик акты, курулган турак жайга техникалык паспорт алышса болот.

Ал эми жер мунапысына кирген аймактарда жашап, бизге арыз менен кайрылган 62 жаранга токтомдор чыккан. Анын ичинен 6 кишиге мамлекеттик актылар даярдалып берилди», — деди Абдыкадырова.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.

Досторуңуз менен бөлүшүңүз..........

KYRGYZCHA SITE