Пример HTML-страницы

Жалал-Абад шаарында жаңы муниципалдык базар ачылды

Акыркы жанылыктар

TurmushЖалал-Абад шаарында жаңы муниципалдык базардын расмий ачылуу азем болуп өттү. Ага президенттин Жалал-Абад облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн орун басары Эркин Маматаев, шаар мэри Эрнисбек Ормоков баштаган бийлик өкүлдөр катышты.

Шаар башчысы муниципалдык базар шаар казынасын толтуруу, шаардын борбордук бөлүгүндөгү чачкынды соода жайларын жоюу жана унаалардын тыгынын азайтуу максатында курулганын баса белгиледи

«Базарда өрт коопсуздугунун талаптарына жооп берет, бүт нормалар сакталган. Буюрса, базардан түшкөн каражат кайра эле шаардын өнүгүүсү үчүн жумшалат. Бул базар канчалык жакшы иштесе, казынабызга да акча түшөт. Бул эң сонун кадам», — деди ал.

Аталган муниципалдык базардын жалпы аянты 3,5 гектарды түзөт. Мында миңге чукул соода орундар түзүлдү. Кардарлар жана соодагерлер үчүн атайын унаа токтотуучу жайы бар.

Элге ыңгайлуу шарт түзүү максатында учурда муниципалдык базардын жанына калкты тейлөө борборун жана башка бир катар мекемелерди жылдыруу аракети көрүлүп жатат. Мындан сырткары шаардагы 10дон ашык маршруттук каттам базар аркылуу өтсө, шаарга жакын аймактардан келген кичи автобустар да аталган базарга токтоп жатат.

Жаңы ачылган муниципалдык базардын курулушуна жергиликтүү бюджеттен 47 млн. сомго чукул акча каражаты жумшалды. Ал эми муниципалдык базардан жыл сайын жергиликтүү бюджетке орто эсеп менен 45 миллион сомго чейин акча каражаты түшөт. Анда соода кылгандар 4 айга чейин ижара төлөмүнөн бошотулган. Дал ушул базардан бир жылга 45 миллион сом түшөрү күтүлүп жатат.

Буга чейин Жалал-Абад шаарында жергиликтүү бюджеттен муниципалдык унаа базары да курулган болчу.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.

Досторуңуз менен бөлүшүңүз..........

KYRGYZCHA SITE