Пример HTML-страницы

Жалал-Абад шаарында 2 гектар жердеги кара куурай өрттөлдү

Акыркы жанылыктар

TurmushЖалал-Абад шаарында2 тоннадан ашуун жапайы кара куурай жок кылынды. Бул тууралуу облустук милициянын басма сөз кызматы билдирди.

Жалал-Абад шаардык ички иштер бөлүмүнүн кызматкерлери Тайгараев айылдык башкармалыгынын Кыргызстан участкасынын тааласында өскөн жапайы кара куурайды орушту. Жалпысынан 2 гектар жерден 2 тоннадан ашуун жапайы кара куурай топтолуп, өрттөлүп жок кылынды.

Мындан сырткары Жалал-Абад ШИИБдин баӊгизаттарын мыйзамсыз жүгүтүүгө каршы күрөшүү кызматынын кызматкерлери тарабынан шаар аймагында тынымсыз профилактикалык жумуштар жүргүзүлүп келүүдө. Жергиликтүү тургундарга, студенттерге, жаш өспүрүмдөргө баӊгизаттарынын зыяндуулугу боюнча маалыматтар жеткирилип жатат.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.

Досторуңуз менен бөлүшүңүз..........

KYRGYZCHA SITE