Пример HTML-страницы

Жайылда кыргыз-тажик чек арасындагы куралдуу жаңжалдын бир жылдыгы белгиленди

Акыркы жанылыктар

TurmushЖайыл районунда кыргыз-тажик чек арасындагы куралдуу жаңжалдын бир жылдыгы белгиленди. Эскерүү иш-чарасы акимчиликтин, мекеме-уюмдардын жетекчилеринин, ошол окуяларда каза болгондордун жакындарынын катышуусунда өттү.

Митинг-реквием Кыргыз Республикасынын гимнинин жаңыруусу жана маркумдарды бир мүнөт унчукпай эскерүү менен башталды. Андан соң өмүрү кыйылган аскер кызматкерлеринин өмүрү тууралуу видеотасма көрсөтүлдү.

Каза болгондордун арасында Жайыл районунун эки аскер кызматкери бар: аскер бөлүгүнүн фельдшери Райымбек уулу Батырбек менен чек ара заставасынын башчысы Эрлан Турсунбаев.

Райымкул уулу Баатырбек 1980-жылы туулган. Россия Федерациясынын чек ара аскерлеринде кызмат өтөп, үй-бүлөсү Тажикстандан Жайыл районунун Алексеевка айылына көчүп келген. Андан соң жашаган жери боюнча аскер комиссариатына чакыртылып, келишим боюнча аскердик милдетин аткарган.

Ал атайын багыттагы отрядда чалгынчы-фельдшери болуп кызмат өтөгөн. Баатырбек тажрыйбалуу кадрлардын бири болуп, негизги очокторго жиберилген алдыңкы топтун курамында болгон. Белгилүү болгондой, анын үч жерине ок тийип, катуу кан кетип каза болгон.

Алексеевка айылындагы 8-март көчөсү анын ысымы менен аталды.

Жайыл районунан баатырларча курман болгон экинчи адам — 1996-жылы туулган чек арачы Эрлан Турсунбаев Кара-Балта шаарынын тургуну болгон.

Учурда өзү окуган Кара-Балта шаарындагы №3 орто мектеп Эрлан Турсунбаевдин ысымын алып жүрөт.

Жайыл райондук социалдык өнүктүрүү бөлүмүнөн маалымдашкандай, быйыл каза болгондордун үй-бүлөлөрүнө 10 миң сомдон жардам берилди. Буга чейин алар мамлекеттен 1 миллион сом жана Бишкектен батир алышкан.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.

Досторуңуз менен бөлүшүңүз..........

KYRGYZCHA SITE