Пример HTML-страницы

Ысык-Көлдө саркынды сууну тазалоочу жайы жок эс алуу жайларынын ишин токтотуу маселеси көтөрүлдү

Акыркы жанылыктар

TurmushКечээ, 8-февраль күнү Ысык-Көл облусунда жыл жыйынтыгын чыгарган коллегиялык олтурум болуп өттү.

Анын жүрүшүндө Министрлер Кабинетинин төрөгасы А.Касымалиев инженердик коммуникациялары жана саркынды суу тазалоочу курулмалары жок, же талапка жооп бербеген эс алуу жайларынын иши токтотуу боюнча кандай иштер жүрүп жатканын сурады.

Облуста 211 пансионат жана санаторийлер, 600дөн ашык кичи эс алуу жайлары, конок үйлөрү бар. Анын басымдуу бөлүгү Ысык-Көл районунда жайгашкандыктан суроо Ысык-Көл районун акими Калыбек Жумадыловго узатылды.

«Райондо атайын комиссия түзүлүп, эс алуу жайларынын ээлерин жарлык менен тааныштырып, мониторинг кылып, курулмаларды оңдоп-тузөөгө милдеттендирди.

«Эгер тазалоочу курулмам жок болсо же талапка жооп бербесе, 1-январдан тарта өз ыктыярым менен иштөөбөгө макулдугумду берем» деп кол койдурдук. Бүгүнкү күндө экологиялык кызматтын чечкиндүү кадамдары керек болуп жатат», — деди район акими.

К.Жумадылов аны менен катар райондун аймыганда эс алуу жайлары, конок үйлөрү жана башка эс алуу объектилеринин так саны, ошондой эле аларда канча орундуктар бар экени тууралуу буга чейин база жок экендигин белгилеп өттү.

«Көл жээк менен гана чектешкен 132 эс алуу жайы боюнча мониторинг кылсак, салык кызматынын базасы менен айырма чыгып жатат. Райондук салык кызматынын маалыматы боюнча, 17 миң 765 койка орундук болсо, комиссия курамы 25 миң 970 койка орундук бар экенин аныктап чыккан. Анда айырма 8205 койка орун болууда», — деди Калыбек Жумадылов.

Ошондой эле көл жээгинен сырткары жол жээктерде, тоо боорундагы эс алуу жайларында орундуктар такталып жатканын айтты.

Ал эми айырма боюнча жооп берүүгө, райондун салык кызматынын өкүлү ден соолугуна байланыштуу коллегияга келбей калганы маалым болду.

Жаратылыш ресурстары, экология жана техникалык көзөмөл министрлигинин Ысык-Көл, Нарын регионалдык башкармалыгынын башчысы Руслан Термеев облус аймагында 313 эс алуу жайларына эскертүү берилгенин, бүгүнкү күндө иштеп жаткан тазалоочу курулмалардан анализдер алынып, талапка жооп берүүсү текшерилип жатканын айтты. Ошондой эле учурда тазалоочу жайы барлардыкы да, талапка жооп бербеген учурлар бар.

Кыргыз Республикасынын президенти С.Н.Жапаровдун 2022-жылдын 26-апрелиндеги №131 «Ысык-Көлдүн экологиясын сактоо боюнча кечиктирилгис чаралар жөнүндө» жарлыгынын 1-пунктуна ылайык, 2023-жылдын 1-январынан тарта Ысык-Көл облусунун курорттук-рекреациялык зонасында менчигинин түрүнө жана ведомстволук таандыгына карабастан инженердик коммуникациялар жана курулмалар менен камсыз болбогон рекреация объекттеринин иштөөсүнө тыюу салынган.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.

Досторуңуз менен бөлүшүңүз..........

KYRGYZCHA SITE