Пример HTML-страницы

Ысык-Көлдө маркумдун сөөгүн жууганы киргендер ал жерде эмнени жаап-жашырганы ачыкталган

Акыркы жанылыктар

TurmushЫсык-Көл облустук сотунун соттук коллегиясы кылмышты жаап-жашырган делген эки жарандын апелляциялык даттануусу боюнча кылмыш ишти иликтеп чыгып, апелляциялык даттануу берүү мөөнөтүн талдады. Өкүм 2023-жылдын 31-январында чыгарылган.

Тергөө органдарынын маалыматына караганда, Алсейит (аты өзгөртүлдү, Д.у.М.) 2022-жылдын 20-январында саат 16:00 чамасында спирт ичимдигин ичип, таякеси Баят (аты өзгөртүлдү, Ж.А.М.) экөөнүн ортосунда өз ара пикир келишпестиктен чыр чыккан. Андан кийин аны бир нече жолу уруп, темир көсөгүч менен башка чаап, жаракат келтирген. Анын кесепетинен жабырлануучу Баят каза болгон.

Алсейит туугандарына жабырлануучу Баятты коронавирустан каза болду деп айтып, М.Б.Т. менен Р.К.У. маркумду жууганы киргенде анын жаракаттарын жаап-жашырышкан.

Ысык-Көл райондук соту бул иш боюнча 2022-жылы 12-декабрда өкүм чыгарган. Ал өкүмгө карата айыпталуучулар М.Б.Т., Р.К.У. жана жактоочу А.А.К. 2023-жылдын 12-январында апелляциялык даттануу келтиришкен.

Бирок апелляциялык даттануу берүү мөөнөтүн өткөрүп жиберишкен. Себеби, өкүм чыгарылган күндөн тартып 30 суткалык даттануу мөөнөтү 2023-жылдын 11-январында аяктаган.

Жыйынтыгында Ысык-Көл райондук сотунун 2022-жылы 12-декабрда чыгарылган өкүмүнүн айыпталуучу М.Б.Т. жана айыпталуучу Р.К.У. жөнүндөгү бөлүгүнө келтирилген апелляциялык даттануу кайтарылып берилип, апелляциялык өндүрүш кыскартылды.

Нааразы тарап Жогорку сотко кассациялык тартипте даттануу же сунуш берүүгө укуктуу.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.

Досторуңуз менен бөлүшүңүз..........

KYRGYZCHA SITE