Пример HTML-страницы

Ысык-Көлдө эс алуучулар жыландын өзгөчө жоругуна күбө болушту (видео)

Акыркы жанылыктар

TurmushЫсык-Көл районунун Кара-Ой айылындагы «Ак-Бермет» пансионатынын көлдүн жээгинен балык тиштеген жыланды видеого тартып алышты.

Күбөлөрдүн айтымында, көлдүн жээгинде майда чабак балыктары жүргөн. Алардын бирин тиштеп алган жылан соймоңдогон бойдон чөптүн арасына кирип кеткен.

Буга чейин Тоң районунун Бөкөнбаев айылындагы Үч-Чуңкур көлүнүн жээгинен жылан табылган.

«Дем алыш күндөрү Үч-Чуңкур көлүндө эс алып жүргөм. Капысынан жыландын «т-с-с-с» деген үнү угула баштады. Анан көл жээктеги таштардын арасынан жашынып жаткан жыланды таап алдык. Жыланга тийген жокпуз, жөн гана видеого тартып алдык», — дешкен окуянын күбөлөрү.

Суу жыланы уулуу эмес, бирок өзүн коргоо үчүн тиштеп алат.

«Борбор Азиянын суу сактагычтарында жашаган суу жыланы уулуу эмес. Башка жыландардан айырмаланып, кара түскө же кара тактарга ээ. Негизинен балык жана бака менен азыктанат. Суу жыланы уулуу болбосо дагы кырсыкка кабылбаш үчүн аны кармоодон алыс болуш керек. Биринчиден, көпчүлүк адамдар кара чаар жылан (гадюка) менен суу жыланды айырмалай алышпайт. Экинчиден, суу жылан өзүн коргоп, тиштеп алышы мүмкүн. Андан калган жаракат катуу аллергиялык реакцияга жана сезгенүүгө алып келиши мүмкүн.

Эгер күтүлбөгөн жерден суу жылан сизди тиштеп алса, анда дароо тиштеген жерди дезинфекциялап, жараатты бинт менен жаап, медициналык мекемеге кайрылышыңыз зарыл», — деди биолог Ирина Стежко.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.

Досторуңуз менен бөлүшүңүз..........

KYRGYZCHA SITE