Пример HTML-страницы

Ысык-Көлдө ашкөктүн баасы 750 сомго чейин көтөрүлдү. Себеби эмнеде?

Акыркы жанылыктар

TurmushБүгүн, 21-февраль күнү Ысык-Көл облусунун Каракол шаарында жашылчага болгон баа кандай болуп жаткандыгын аймактык кабарчы сурап билди.

Базардагы соодагерлердин айтымында, быйыл жашылчага болгон баа жылдагыга салыштырмалуу кымбат.

«Жылда жашылчанын көбү Өзбекстандан келчү. Угушубузга караганда, быйыл катуу сууктан улам ал жердеги жашылчаларды үшүк алып кетиптир. Андыктан бизге дүң баада Ирандан алып келген соодагерлер өткөрөт. Биз алардан алып, 5 сом гана кошуп сатабыз», — дешти алар.

Учурда өлкөдө ашкөккө (укроп) болгон баа өстү. Ал эми Ысык-Көл облусунун Каракол шаарында ашкөктүн килограммы 700-750 сомго чейин чыкты.

«Алып сатарлар бизге ашкөктүн килограммын 700-750 сомго чейин берип жатат. Биз ар бирин 35-50 грамм кылып байлап, 30-40 сомго сатуудабыз», — дешет сатуучулар.

Учурда бир байлам жашылчалар:

— Кинза — 60 сом;

— Жусай — 40 сом;

— Жашыл пияз — 40 сом;

— Чынсай — 45-50 сом;

— Петрушка — 35-40 сом (1 килограммы 470 сом);

— Латук — 70-100 сом (1 килограммы 380 сом);

— Айсберг өсүмдүгү — 170 сом;

— Мята — 60 сом;

— Брокколи — 60 сом;

— Шпинат — 50 сом.

«Петрушка Ирандан, жусай Кытайдан алып келинүүдө. Жусай бир-эки күндө Токмок шаарынан чыгып калат деп жатабыз. Ысык-Көлдүн өзүнөн жусай эле өстүрүлөт. Майдын аягы июнь айында чыгып, сентябрь айынын аягында эле сатылып кетет. Ал кезде баасы 5-10 сом гана болот. Мурда күнөсканаларда өстүрүлчү, кийинки жылдары бадыраң гана өстүрүлүп жатат. Ошондуктан учурда башка өлкөдөн гана алып келинүүдө. Мисалы, мен 5 жылдан бери жашылча сатам. Жашылчанын баасы ушунча көтөрүлгөнүн биринчи жолу көрүп жатам», — дейт сатуучулардын бири Феруза.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.

Досторуңуз менен бөлүшүңүз..........

KYRGYZCHA SITE