Пример HTML-страницы

Ысык-Көлдүн курорттук аймагында 25 мас айдоочу кармалды

TurmushЫсык-Көл облусунун курорттук аймагында жол кырсыктарын алдын алууга багытталган масштабдуу рейддик иш-чара өткөрүлдү. Бул тууралуу Ысык-Көл ОИИБдин басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка караганда, рейд 5-6-август күндөрү уюштурулду. Милиция кызматкерлери Ысык-Көл районунун эң популярдуу курорттук аймактарынын жанында нөөмөттө турушту.

Рейддин жүрүшүндө жалпы 294 жол эрежесин бузуу фактысы аныкталды. Анын алардын арасында мас абалда унаа башкарган 25 айдоочу, унаасынын айнектери караңгылатылган 12 айдоочу бар.

Ошондой эле 33 автоунаа айып короого токтотулду.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.

Досторуңуз менен бөлүшүңүз..........

KYRGYZCHA SITE