Пример HTML-страницы

Ысык-көлдүк С.Сатыбеков өзүнө куюп койгондой окшош адам аны дайыма коштоп жүрөрүн айтат

Акыркы жанылыктар

Turmush«Эгиздер» рубрикасынын кезектеги каармандары — Самат жана Канат Сатыбековдор. Алардын бири менен аймактык кабарчы маек курду.

«Биз 1990-жылы 1-августта Балыкчы шаарында жарыкка келгенбиз. Ошол эле калаада жайгашкан Манас атындагы №10 мектебин аяктадык. 2009-жылы Канат экөөбүз теӊ Бишкек шаарындагы Кыргыз мамлекеттик курулуш, транспорт жана архитектура университетине (КМКТАУ) тапшырып, 2014-жылы аяктадык. Учурда мен Балыкчы—Боконбаев—Каракол жолунда техникалык көзөмөл милдетин аткарам. Ал эми Канат Балыкчы шаардык архитектура башкармалыгында директорудун орун басары болуп иштейт», — деди ал.

Канат менен Самат бир тондо жаткандыктан бири-бирине абдан окшош. Мындан улам аларды кенже курактан бери көп кишилер айырмалай албай келишет.

«Экөөбүз эгиздердей болуп, бир нерселерди талашып, урушкан деле жокпуз. Кичинекей кезибизден бери бизди окшош кийинтишчү. Көчөдө токтотуп алып, “эгизсиӊерби?” деп элдер сурай беришчү. Эгизим Канатка караганда мен тентегирээк болчумун. Канат жоош, бир мүнөз, көп сүйлөбөйт. Менин айыман Канат көп тил укчу. Мен тентек кылып коюп качып кетчүмүн. Азыркы учурда экөөбүз тең үй-бүлөлүүбүз. Менин 1 уул жана 1 кызым бар. Эгизим наристе күтүп жаткан учуру. Мен оорусам, эгизим да кыйналып ооруп калчу. Анан дагы экөөбүздүн ойлогон оюбуз окшош чыгып калчу. Аябай таң калчубуз. Мен эгизиме өз ой-пикиримди айтсам, ал “мен да ушуну айтайын деп жаткам” деп калчу. Мунун баары экөөбүз бир тондо жатып, киндигибиз бир болгону үчүн го. Бүгүнкү күнгө чейин кошуналарыбыз, туугандарыбыз айырмабызды билишпейт», — деди ал.

Каарманыбыз кызыктуу окуялары менен бөлүштү.

«Экөөбүздүн ортобузда 3 мүнөт айрыма бар. Мектепте тентек кылганда, кимибиз экенин эчкимиси билчү эмес. Сабакта суралып жатканда, экөөбүз бири-бирибизди коштоп жооп бере берчүбүз.Балдар менен мушташып кеткенде, экөөлөп сабап коюп, кийин байкелери болушуп келсе, “мен эмесмин” деп моюнубузга алчу эмеспиз. Негизи эгизим экөөбүз тең салмагыбыз аз болуп төрөлдүк. Менин салмагым 1,2 килограммды түзсө, эгизим Канаттын салмагы 2 килограммды түзгөн. Мектепте окуп жүргөндө самбо спорттун түрү менен машыгып, мелдештерде экөөбүз алмашып күрөшкө чыкчубуз. Эгизимдин салмагы менден бираз көп. Анын ордуна өзүм түшүп, экөөбүз дайыма 1-2-орундарды алчу элек.

Кийинчерээк университетте да, бирөөбүз келбей калсак, фамилияны тактаганда “барбыз” деп кол көтөрө берчүбүз.Кийин мугалимдер билип калып, экөөбүздү теӊ бирдей тургузуп калышкан. Анан мектептегидей эле университетте да мугалимдер тарабынан берилген суроолорго жооп берип жатып, бири-бирибизди сүрөп кетчүбүз. Экөөбүз ушунчалык окшош болгондуктан ушундай окуялар болуп келди», — деди ал.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.

Досторуңуз менен бөлүшүңүз..........

KYRGYZCHA SITE